Ботон жердин буудайы. 1

Ботон Жердин Буудайы
Бул окуя бир адамдын башынан откон, азыр ал туштук-чыгыш азиянын мамлекеттеринин бирине караштуу кичинекей бир аралда жашайт экен. Белгилуу себептерге байланыштуу толук дарегин жазбадым, чынында жаза да албайт болчум, себеби мага да бул кат тушунуксуз адрестен келди. Кайра жазсам мындай адрес жок деген жооп келген.
Аты Эрмек, Эрмек менен мен Дордойдо араба тартып иштеп журуп таанышкам. Араба тартып журсом келип таанышып иш тапса болобу базардан деп калды. Менин эки арабам бар болчу, бироосун башка балдарга арендага берчумун. Ошол кундон баштап арабамы ага берип калдым,жакын дос болуп кеттик, аябай аракетчил бала экен. Тез эле озуно постоянный клиенттерди таап алды. Коп отпой Россиядан, Казакстандан товарга келген коммерсанттарга товар таап бергич болуп алды.  Аларга товарды арзан таап суйлошуп берет, мага да ошондой клиенттерди таап берди. Араба айдабай калдык, жакшы акча таба баштадык. Кээде клиенттерибиз озулору келе албаса, акчасын салып жиберишет, биз айткан товарларын чогултуп поездге же жук ташыган машиналарга салып жиберебиз, алар Россиядан же Казакстандан тосушуп алышат. Ишеничине кирип калдык, озулору келе албаса кээде чон суммадагы акча салышат, бир жолу Эрмекке, давай акчаны алып качып кетебиз десем мага аябай капа болгон, кантип бироодун мээнет менен тапкан акчасын уурдап аласын деп.
Июнь айы  эле бир газета алып келиптир, азыр эстесем «Асаба» болуш керек эле. Жарыя бар экен авиациялык колледжге окууга чакырган, омур бою эле базарда журо бермек белек, бир куну базар деле токтойт, авиациянын келечеги кен, окууга тапшыралы дейт, мен биринчи макул болбой койдум, базарда жакшы акча таап жатканда окууну эмне кылам деп. Канча адам дипломун уйуно таштап коюп базарда журбойбу деп, акыры мени кондурду, тапшырмай болдук.
Кыскасы экообуз  эки ай экзаменге даярдандык, батирде бирге турчубуз, кундо кечинде эки-уч саат даярданабыз. Бир коммерсант эже бар эле, мектепте математикадан мугалим болуп иштеген экен, ошол эже менен суйлошуп математикадан даярдандык.
Экзаменде экообуз бирге отуруп, окууга отуп кеттик, ошентип окуп калдык, окуу жайдын жатаканасы бар, уч маал тамак берчу. Сабактан кийин жаныбызда «Кока-Кола» заводу бар эле, ошол жерге барып иштейбиз.
Эрмек жакшы окучу, ага жармашып мен да жаман окуган жокмун, ал жакшы мушташкандыктан жогорку курстун балдары да тие албачу, ал менен жургон балдарга да, короче мага.
Окууну буткондо мен айылга кетип, байланыш узулгон эле. Арадан жети жыл откондо ал мени агенттен таап, башынан откон окуясын жазып жибериптир.
Окуп чыгып тимеле детективдик чыгарма окугандай болдум да элге да жеткизейин деп чечтим,  анда соз бир башынан болсун, мен колуман келишинче коркомдоп детективдик чыгарма кылып жазууга аракет кылайын. Жакшы чыкпаган жерлери болсо окурмандан кечирим сурайм.
Урматтуу досум, мен окууду буткондон кийин «Манаска» ишке кире албай уч айдай журуп, акыры Ошко барып авиа-техникке орун жок экен, акча берип жатып, коопсуздук кызматына стрелок деп коёт, ишке орноштум. Ал жерде ар кандай посттор бар, мен ар бир посттун инструкциясын окуп, жаттап, кыскасы жакшы иштедим. Таза кийинип, жакшы иштегендиктен мени «VIP-зал» же депутаттар учуучу зал деп коёт, ошол жерге постко коюп калышты. Ал жерден кобунчо чон кызматта иштегендер отушот. Бир окуяны жаза кетейин, бир куну постто турсам, Ошто милицияда чон болуп иштеген бир адам келип  «VIP-зал» аркылуу  аэропорттун ичине кирем деди эле, тархетка же бейджик деп коёт, тошуно илип ала турган уруксат кагазы жок экен, киргизбей койдум, себеби ошондойлордун айынан бизде коп балдар иштен айдалып кетишкен. Мага чейин эч ким антип киргизбей койгон эмес экен, кире албаганына жини келип,мага очошуп калыптыр, согунуп-сагынып кеткен мен сага корсотом деп.
Иштеп журдум, бир сутка иштеп, уч сутка дем алабыз, уч кун бош журбойун деп, анда «Ош» аэропортунун жанында авиагородок деп, кичине шаарча бар, ошол шаарчада мурун гостиница болгон экен, азыр адамдар менчикке сатып алышып жашайт экен, ошерден бир комнатаны батирге алып жашачумун. Кошунам бар эле мал союп саткан, бизде «касапчы» деп коёт, ошол адамга жардам берем. Базардан мал сатып келип, союп сатабыз.
Мен жашаган гостиницада жаман жургон уч-торт келин жашачу, ар ким келип-кетип журчу. Бир куну тундо жаныбыз пахта талаа болчу, бир адамды пахтанын арасында бычактап олтуруп кетишиптир.
Милиция келип, биринчи эле гостиницадагы келиндерден шекшип, ошолорго келгендер болуш керек деп, коншуларды чогултуп сураптыр. Биздин мандайыбызда эки кабаттуу уйдо бир кемпир жашачу, ошол кемпир мени айтыптыр ушул эле кылган болуш керек, аябай урушчаак, жаман бала деп. Себеби жаны келип жашай баштаганымда ошол кемпирдин баласы менен урушуп кеткем, анда жаны эле келгем, жаныбыздагы  кичине базарчиктен базарлык кылып журсом эки досу менен мас болуп келишип арак алып бер деп асылышкан, ашыкча акча алып албаган экем, акчам жок эле десем болушпайт, таап бер дешип, кыскасы мушташ чыгып кетип учоон тен уруп салган болчум, ошого очоштубу айтор мени аябай эле жамандаптыр. Мен дагы башка кун куруп калгансып, ошол куну мал сойгондо кан болгон кийимдерими жууп коёюн деп жууп олтургам. Милиция кирип келип, кан болгон кийимдерди коруп ай-буйга келбей эле колдоруму кайрып алып кетишти. Милицияга барганда, баягы мен аэропортко киргизбей койгон адам мени коруп калып, бироолук камерага каматып койду. Дайындап койгонбу учоо тортоо болуп кирип келишет да бир жаман тошок бар экен, ошого ороп алып аябай уруп тепкилешет. Колум байлануу да, бош болсо учоосуно кучум жетет эле. Деги айтканды угушпайт экен, кийимдерди экспертизага алып барбайсынарбы десем, менин ишими эки тергоочу изилдейби тушунбодум, бироосу согуп,уруп, тээп,  ал эми экинчиси боорукер адам болуп жакшы суйлойт, ошого айттым баарын, бирок ал деле колуман эч нерсе келбейт, жакшысы озун мойнуна ал, азыраак моонотко камаласын дейт.  Ак жеринен камалып кетиш деле оной эле окшойт. Мойнума алдырабыз деп уч кун сабашты, кобунчо тундосу келишет да уруп, тепкилешет  тимеле очу бардай. Жанын кыйналганда мойнуна алып эле кол коюп берип койгун келет экен. Озун билесин бул дуйнодо бир да жакын адамым жок артыман издей турган, детдомдо бирге чонойгон досторума айтайын деген менен алардын колунан эмне келмек эле, алар кимиси  кайда журот бир кудай билет.
Унум кудайга жеткенби, айтор баягы адамды олтургон бала табылыптыр, мени коё беришти, чыгараарда милициянын чону мени чакырып, эгер бироого биерде болгонду айтсан олтуруп кетебиз деди. Ошондон бери башым, бойрогум ооруй турган болуп калды.
Бир ай ооруканада дарыланып жаттым, ызама чыдабайм, же кимден оч алышты билбейм, же бироо менен болушо албайм.
Бир айдан кийин кайра иштей баштадым, менин окуямы аэропорттун директору да уккан экен, бир куну чакыртыптыр, барсам ал-акыбалымы сурап, эмне болгонун сурады эле, айтып бердим баарын, ыйлактабай, арыздангандай болбой айтканмынбы, айтор жаш болсон да кайраттуу бала экенсин,  милицияда чон иште иштеген адамды коркпой киргизбей койгонунду да уктум мага озу айтып берди, сендей балдар бизге керек, менден эмне жардам керек деп калды эле, эмне болсо ошо болсун тобокел, бир айтып коройун деп, кесибим авиа-техник, кызыл диплом менен бутком, мумкунчулук болсо кесибим боюнча иштесем дедим эле десем, мейли караштырып коройун деп, колуму катуу кысып, далыман таптап жонотту. Бир ай отуп-отпой авиатехник болуп иштеп калдым. Орустардын «Всё что не бывает к лучшему» деген созу туура экен. Айлыгым кобойду, бош убагымда башка жерде да иштейм.
Эки жылдай иштеп жургондо аэропортто сокращение болуп, иштен бошоп калдым, менден башка да уч адам иштен бошоду. Доолот деген адам бар эле бирге иштеген, мамилебиз жакшы болчу,ал да иштен бошоп калган болчу, уйго келиптир бир куну. Ошол маалда адамдар Россияга курулуш иштерине эми-эми кете башташкан, мурун кобунчо соодага кетишчу, Доолот акенин укеси Москвада электромонтажник болуп иштейт экен, чакырып атыптыр, мага келиптир чогуу барып иштеп келели, иш даяр, барарыбыз менен ишке чыгабыз деп. Чынында мен иштен бошогонума коп деле капа болгон жокмун, айлыкка иштеген озумо деле жакпай жургон, бир-эки  ойлор бар эле акча чогултуп озумчо ишкана ачсамбы деген, аэропортто керектуу акчаны чогултушка козум жетпей калган эле. Дароо эле макул болдум.
Ошентип Москвада бир чон торговый комплекс курулуп аткан экен, ошол жерде электромонтажник болуп иштеп калдым. Ишти тез эле уйронуп кеттим, себеби авиациалык колледжде жакшы эле окутушкан экен. Эки группа, отуз адам  иштейбиз, жарымы кыргыз, жарымы орустар, ишибиз жакшы кыш болсо да ичи ысык, иш эртен менен тогузда башталып беште бутот. Орустар жай иштегендиктен, кээде тунку онго чейин калып алардын ишин кылабыз, себеби тунку ишке эки эсе коп толончу,айлыгыбыз отуз мин, кошумча иштегенибиз менен кырк, кырк-беш минге чейин барып калат.
Бир жарым ай дегенде мага он баланы болуп берип башчы кылып коюшту. Жоон жез зымдарды тартып орнотобуз, ал зымдар кобунчо ашып калат, себеби бир жерге схема боюнча уч жуз метр зым керек болсо, тартып келгенде он беш-жыйырма метр зым ашып калат, аны ташатандыга ыргытыш керек, улаганга уруксат жок, аны биз кабыгын аарчып, жез алгандарга килосун эки жуз рублдан  тапшырабыз, кунуно жок дегенде эки-уч кила алып чыгабыз ар кимибиз.
Айтор жакшы эле акча иштеп  таап жаттык. Бир жыл жети ай иштеп коюпмун, акчамы Кыргызстанга счёт ачып койгом, ошол счётко салып чогултуп аттым.
Ошентип иштеп жургондо, бир куну тушто баарыбыз тамактанып олтурганбыз, наркотикалык заттар жонундо соз чыгып кетти. Кыргызстанда анча, Москвада мынча турат деп. Кантип апкелсе болот, кантип сатса болот, айтор копчулукто ар кимден ар кандай соз чыкты. Мен да элден калышпай, аэропортто иштегем, самолётко салып бериш оной эле, эгер бияктан бироо тосуп алса деп койбоюнбу. Арабызда Эмил байке деген киши иштечу, ошол кантип салып бере аласын деп сурап калды эле, оюмда жаман нерсе жок, бир жагынан баары мени карап калды эле, оной эле, акчасы жакшы толонсо эле жолу табылат деп балп эттирип суйлоп койдум. Ошону менен башка создор болуп унутулуп кеткен.
Арадан бир  жума откон, кечинде иштен келип, тамактанып алып телевизор коруп жаткам, жашаган жерибиз иштен  жоо басканда он муноттук жерде эле, жер уйдо торт бала  турчубуз, телефон шынгырап калды, карасам  Эмил байке, уйдо болсон барайын соз бар эле суйлошо турган  дейт. Келе берин дедим, кээде иш чыгып калчу, ар кандай уйлорго барып электр  иштерин кылып берип акча тапчубуз, ошондой иш ко деп койдум озумчо. Жарым сааттан кийин дагы чалды, эшикте турам чыксан дейт, чыксам жапжаны кара Лексус 470 турат. Рулда кыргыз бала, жанында Эмил байке отурат, арты корунбойт, айнектери карангылатылган экен.
Эмил байке тушуп келип учурашкандан кийин, сени менен бир адам суйлошойун деди эле, кичине иштери бар экен, деп арткы эшикти ачты эле ичинде бир адам отуруптур, жашы алтымыштарда, арыгыраак келген, чачы ак аралаган, тамеки коп чеккенгеби бети кер сары келген, жанында таягы турат, таяк таянып журот окшойт.
-Кел балам, чык, отур –деп жанын корсотту,
-Салам алейкум-деп жанына олтурдум.
Козунун карасы курон тартып бир кызыктай экен, бою узун окшойт.
-Кандай Эрмек балам,иштерин, ден соолугун жакшыбы,
-Жакшы рахмат, озунуз, иштериниз жакшыбы,
- Жакшы балам, жакшы, тан калып тургандырсын мне иш менен келди экен деп?
Созду кобойтпойун досум, аты Жумалы экен, келген себебин ачык эле айтты, корсо бир жумадай мурун самолётко наркотикалык зат салып бере алам дегеними Эмил байкеден угуп,суйлошкону келиптир. Эгер чындап эле салып бере алсан суйлошолу, мага иште, бир жылга жетпей машина, там сатып аласын, минтип бироодун жеринде кыйналып журбой дейт. Мен дароо каршы болдум, ал тамаша эле болчу, колуман келбейт деп, милицияда тепки жегеним коз алдыма тартыла тушту. Жумалы байке ар нерсени, биздин чондор кантип элди алдап жеп жаткандарын, таза мээнет менен эч качан байый албашымы, колунда иштеген балдар аз эле убакытта тамдарды салып, кымбат машиналарды минип алганын айтат. Бирок макул болбодум, канча адамдардын уй булосуно жамандык алып келуу мен учун аябай жаман иш эле. Китеп коп окуйм, айрыкча миллардерлердин омур-баянын, кантип байыгандарын, кенештерин,  баары эле ак мээнет менен байлык чогулткан да, ал эми канча кылмыш жолу менен байыган адамдардын  аягы жаман буткон, же турмодо жок болушкан, же олтуруп кетишкен.
Акыры Жумалы байке мейли озун бил, бирок ойлонуп кор, макул десен Эмил байкене айт, байланышабыз деди да,кетти, кетип жатып болгон соз ортобузда калышын эскертти. Мен деле тушуном да, кантип эле тушунбойун.
Эртеси Эмил байке эч нерсе болбогондой, мурункудай эле журо берди, бир эки жолу мени эмнеге айтасын деп сурайын десем. Ар шылтооду бир айтып суйлошпой койду.
Арадан эки жумадай откон, биз иштеп жаткан объект ото чон  узуну беш жуз метр, туурасы жуз элуу метрдей имарат эле. Ичи алты болукко болунгон, биз  экинчи,  учунчу болугундо иштечубуз, тортунчу, бешинчи, алтынчы болуктору али буто элек, коп жерлери карангы эле. Биздин складыбыз алтынчы болукто подвалда болчу, керектуу нерселерди ошол жактан алып келчубуз, ошол куну мага складдан бир нерсе керек болуп калып, балдарга ишти тушундуруп коюп, складка кетатсам, склад подвалда эле, бешинчи болуктун аягында тепкичтен тушсом, чон залга окшогон карангырак  жер болчу, эки орус бала бир баланы жерге жаткызып алып тепкилеп жатышыптыр. Ажыраштырып коёюн деп барсам, бир тааныш  озбек бала бар болчу, ошол экен. Тимеле аябай уруп, атышат.  Койгула деп арасына кире койсом экоо мага асылып кетишти, жаны келген балдар окшойт  мурда корбогом. Койгула деп жакшы эле айттым, кол кайтарбай, артка качып качып коём, алар очу бардай озбек баланы унутуп коюшуп мени урушуп кетишти. Акыры чыдабай кетип экоосун эки жакка ыргыта тепсем, бироосу уйулуп жаткан темирлердин жанына кулап тушуп, титиреп эле жатып калды. Коркуп кетип чуркап барып башын которсом, кан чыккан жери деле жок, же катуу тийгидей кулаган жеринде деле эч нерсе жок. Бирок тиги орус оозунан кобук чыгып эле жатып калды, коздору антарылып. Берки шериги турат жаныбызда, бир мени карап, бир шеригин карап, бир маалда тиги орус аран-аран дем алып , уну чыкпай калды. Досу дароо телефонун алып, бироого чалып тез келип калгыла, чёрныйлар, шеригинин аты Витя окшойт, Витяны олтурушту деди. Озбек бала жанымда турат эле коздору алайып, дабдырап эле турат. Эмне кыларымы билбей турсам, Эмил байке келип калды, келип эмне болгонун сурады эле, жанагы орус мени корсотуп,ушул олтурду дейт. Эмил байке мени карап куноолоп урушкансып мага кыргызча кыйкырып мени тез качып кет биерден, уйуно барып тур, сени Россиядан качырабыз, эгер кармалып калсан сени бул жерде эч ким аябайт, жок болосун дейт. Милициядан журогум тушуп калган да, орус баланы секин жерге жаткыздым да, чуркаган бойдон кийинип-чечинген комнатабызга жонодум, озбек бала артыман ээрчип алган. Кийинип жатсам озбек бала бир кагазга номерин жазып чонтогумо салып , менин айыман ушундай окуяга кабылдыс, кичине чогулткан акчам бар каерге болсо чалсаз алып барып берем дейт. Макул деп уйго чуркадым, барып документтерими, зарыл деген бир-эки кийимдерими алып сумкага салыштырып жатсам телефон шынгырап калды, алсам  Эмил байке, эшикте машина кутуп турат, тез ал жерден кет дейт. Чыксам бир машина турат, рулда кыргыз бала, отурарым менен айдап жоноду:
- Документтерини алдынбы, тундо Кыргызстанга учасын-дейт,- азырынча бир жерде бекинип отуруп турасын.
Мытищинская ярмарка деген курулуш материалдарын саткан базар бар,ошол жерде кыргыздардын эки-уч кафеси бар. Ошол жакка бардык, Ала-Тоо деген кафе бар эле, ошого кирип арт жагында кичине бир болмосу бар экен, ошол жерге киргизип койду, тамак алып келишти эле же тамак отпойт, оозуман кара суу келип, озумчо эле титирейм. Бир ойлоном, кайра барсамбы деп, атайын кылбадым да акыры, анан дагы орус баланын башын кармап турганымда козун ачып мени карап кайра жуумп алгандай болду эле, карангыраак болгондуктан жакшы байкабай калдым. Айтор айлам кетип мне кылышты билбей калдым. Телефондун симкасын уйдон чыкканда эле, машина айдаган бала ыргыт дегендиктен ыргытып жибергем, ыргытпай турбаган экем, бирге иштеген балдарга барып коруп койгулачы демекмин, жок дегенде эмне болгонун билет элем. Кайра –кайра тамеки тартам, болсо чегип болбосо чекпей деле журо берчу элем,  эки саатта бир пачка сигаретти чегип салдым,  арак бар экен столдун устундо, эки жуз граммдай арак да ичип жибердим. Мени алып келген баланын аты Азамат экен, ошол гана маал-маал кирип кабар алып турбаса, башка эч ким кирген жок. Келгениме уч сааттай болуп калганда Жумалы байке кирип келди. Бир бутуна сылтып басат экен. Ордуман турган да жокмун, жаныма келип отурду да, чонтогунон кагазга оролгон акча алып чыгып берди, корсо баягы озбек бала отуз минге жакын акча берип, кагазга кечирим сурап кат берип жибериптир.
Жумалы байке тамеки чегип бир аз отургандан кийин:
- Эми балам соз мындай, эмне болгонун уктум, жанагы бала реанимацияда экен, акыбалы оор дейт, сени азырынча эч ким издебейт, орус балдар сени тааныбайт экен, озбек бала да тааныбайм деп коёт, аны коп болсо уч кун кармашат да, эгер кармашса, кайра коё беришет. Эмил байкен да тааныбайм деп коёт, кыскасы сенин ким экенинди, кимдер менен иштээринди эч ким билбей калды, бул жагынан сени кудай колдоду, бирге иштеген балдарга сени башка жакка ишке кетти деп коёбуз. Милициянын алардан сураш оюна да келбейт, себеби силер учунчу секцияда иштейт экенсинер, алар кобунчо бешинчи секциядан издейт, мен сураштырдым бешинчи секциянын озундо эле жуздон ашык адам иштейт экен. Бироого жардам бергенин жакшы, бирок этиятыраак болсон жакшы болмок, майли эми болоору болду, боёсу канды, кайра ондой албайсын, эгер сен кармалып калсан, бери дегенде он жыл берет, сенин характерин менен ал жерден тируу чыкпайсын, ошого менин айтканымы кыл балам,  сен али жашсын, канча жаштасын,
-Жыйырма учто,
-Турмушту, адамдардын кандай экенин билбейсин балам,азыркы заманда озунду кана ойло, озуно тын болсон гана адамдар сени сыйлайт, акчан болсо гана адамсын. Менин туугандарым убагында уйумо келишпей калган, той-мааракелерине барсам, эшигинен эле кайтчумун, этин, ашын бышырып берип коюп.  Жардам берип кой деп уйуно  ишке  чакырышат да, иш буткондон кийин уйуно киргизип чай беришип коюшчу эмес, кичине акча беришип жолго салышат. Азыр мына коруп турасын, кандай денгээлге жеткеними, туугандарым кундо болбосо да тез-тез телефон чалып акыбалымы сурап турушат, баары менин козуму карап турушат. Эки балам Америкада, бир кызым Японияда окушат. Мен адамдарга эч капа болбойм, сен да адамдарга эч капа болбо, озуно кана тын бол балам.
Мен тушунуп эле отурдум  эмнени айтаарын, мага боору ооруганынан  кылбай жатат да булардын баарын. Бирок башка жолум жок болчу. Дагы милициянын колуна эч эле тушкум келбеди. Жумалы байке дагы копко чейин ар нерселерди суйлоп  отурду.
Акыры чыдамым кеткенде, бул кылган  жакшылыктарын кантип кайтарам деп сурадым. Мени ойлонтурганы, эптеп эле Россиядан чыгып кетсем, Кыргызстанга барганда да артыман эч ким издебей, бекинбей, коркпой -уркпой жашаарым эле. Азыр мага, кандай шарт койсо да макул элем. Калганын убагы келгенде коро жатарбыз дедим.
- Азыр сен кыйын акыбалда турганда мен жардам берейин, кийин сен бизге жардам бер,-деп мени карап калды, мне соз чыгаар экен деп. Унчуккан жокмун,- азыр биринчи сени бияктан чыгарып кетели, иштер басты-басты болгондо, жай олтуруп суйлошорбуз,
-Мен оюнузду  тушундум байке, мени жанагы орус баланын акыбалы ойлонтуп жатат, омур бою бироодун убалына калып жашай албайм, мумкун жакшы болуп кеткендир, сураштырып бербейсизби.
-Эми озун ойло, биз кайра-кайра барып сурай берсек, артыбыздан тушушуп калышы мумкун, эмне болсо да бир кабарын созсуз угасын, азыр озуну ойло, алар озулору куноолуу го акыры, Мейли эми коп эле ойлоно бербе, паспортуну бер сага билет алып коёлу. Мейли мен кеттим анда, эми ушул бойдон Кыргызстандан жолугушабыз. Эмне кылышты Азамат айтат, эч нерседен коркпо, биз менен болсон, сени эч ким издебейт да кармабайт да.
Тунку саат учтордо Азамат экообуз аэропортко жонодук, регистрация бутойун деп калган экен, андан отуп, Азамат менен коштоштум да, Ошко учуп кеттим. Мени Оштон Бекболот деген бала кутуп алмак. Суротуму корсотушконбу, Ош аэропортунан чыгарым менен бир бала келип Эрмексинби дейт,ооба  десем, ээрчитип алып машинасы менен, Ошский районго алып келип, «Шумкар» деген мейманканадан орун алып койгон экен, номерге жайлаштырды. Симка берди да -Ушул симканы телефонуна сал, бирок эч жакка чалба, биз гана чалып турабыз, телефонго акча да салба, азырынча ушинтип туруш керек, мейманкананын эки кундук акчасы толонгон, жатып эс ал, шаарга чыгып шаарды кыдыр, Оштун тамагын сагынгандырсын кафеге кирип тамактан, кыскасы каалаганыны кыл,-деп, анан агенттеги логин, паролуму сурап озунун телефонунан кирди да, менин адресими жок кылып салды,- башка почта ачып аласын кийин, азырынча эч ким менен суйлошпой турушун керек, майли эс ал мен кеттим, эки кундон кийин келем –деп коштошуп кетти.
Эртеси тушку экилерде ойгондум, Ошто кун ысык, кайнайт тимеле, душтун тубунон чыккын келбейт, уйдо отуруп эле тердейсин. Вентиляторду жагып аран жан сактайсын. Телефонду карасам смс келиптир, «Витянын акыбалы жакшы,омуруно коркунуч жок, милиция  аябай издеп атыптыр, бирок коркпо, силердин балдардан эч ким сурабаптыр, баары мен айткандай болуптур » деген, устумон оор жук тушкондой болду, конулум которулуп, кундун ыссыгы да жакшы корунуп кетти, курсагымын ачканын ошондо сездим. Мейманкананын ойдо жагында кафе бар эле, лагманы аябай ширин болчу, аэропортто иштеп жургондо, коп келчубуз тамактанганы. Барып лагман, эки манты, эки шашлык заказ кылдым да, тойгончо жедим, Оштун тамагындай даамдуу тамакты эч жерден, Бишкектен да, Москвадан да  жебегем . Тамактанып буткондон кийин, бир эки магазинге кирип кичине кыдырдым да, кун аябай ыссып кеткендиктен кайра мейманканага барып жаттым, бирок кун ыссыгынан уктай албай койдум да, устумо жапкан акты душка кирип суулап чыгып  жамынып жатып аран уктап кеттим. Эптеп эки кунду откоздум.
Экинчи куну тунку саат бирлер болуп калган, Бекболот келиптир, эртен аэропортко барып, туз эле отдел кадрга кир, сен жонундо айтылган, ашыкча эч нерсе айтпа, сураганына жооп бер да документтерини тапшырып кел, авиатехник болуп ишке кирдин. Тааныштарын кайда жургонуну сураса, Москвада иштеп, иш жакшы болбой, кайра келип акча берип ишке кирдим деп кой, болду башка ашыкча эч нерсе айтпа, озун деле тушуносун да, Жумалы аке айтканды гана айтып койдум, деди.
Ошентип кайра иштеп калдым, мени катуу дайындаганбы, кичине иштегенден кийин аэропорттун эсебинен бир айга Бишкекке окууга жонотушту, барып  Ту -154, Боинг, Аэробус деген самолётторду тейлоого окуп келдим, себеби  мурун Як-40, Ан-24 деген гана самолётторду тейлоого уруксатым бар эле.
Авиагородоктон эки болмолуу квартира батирге алып жашап калдым.
Ошентип иштеп журдум, Бекболоттон  же башкалардан  дайын болгон жок. Уч ай дегенде кечинде уйдо жатсам, квартиранын конгуроосу шынгырап калды, ачсам Бекболот турат, кирип эшикти ичинен жапты да:
-Менин убактым жок, Жумалы байке келет, эртен тунку саат бирлерде эч кимге корунбой Партсъездге кеткен жолго чыгып тур, келгенде чалабыз, камоктун ылдый жагында тур, менин машинамда келебиз-деди да кетип калды.
Эртеси айткан убакта чыгып турсам келишти, машинага отурарым менен Партсъезд айылы жакты коздой жонодук. Бир километрдей жургондон кийин Бекболот машинаны токтотуп, сыртка чыгып кетти. Мен алдыда отургам:
-Кел, Эрмек балам артка отур, адамдын козуно карап суйлошпосом суйлошкондой болбойм-дейт.
Артка отуп отурдум, учурашып аны-муну сурашкандан кийин:
-Созду кобойтпойлу,- деп кичине кагаз берди,-бул кагазда самолёттун маркасы, рейстин номери, конуп учар маалы жазылган. Экинчи пилоттун аты Андрей Васильев деген жигит, ошого бир пакет бересин  болду, ошол эле ишин, калганын уч кундон кийин Бекболот келет, ошол айтат. Мен эртен кайра Москвага учам, суроолор болсо Бекболотко айта бер.
Уч кундон кийин Бекболот экообуз жолуктук, мага баарын тушундурду, товарды аэропорттун жанында кафе бар эле, ошол кафенин ичинде  бир адамдык туалет бар, колду жуугандан кийин кургатуучу аппарат илинип турат, иштебейт, ошонун ичинен аласын дейт. Барып коруп кой, деп ключ берди, ключ ошол аппараттыкы экен.
     Кечки тамакты иштеген жерибизде эле жеп алчубуз, кээ бирибиз уйдон алып келсек, кээ бирибиз кафенин барында иштеген кызга заказ кылып коюп кечинде алып кирип кетчубуз. Мен ар дайым уйдон алып келгендиктен, бир да жолу кафенин ичине кирбеген экем. Товар жонотор куну ошол кызга кечкиге тамак заказ кылып коюп, тамакка барган адам болуп, товарды алып кирип кетет экем. Ойлоп корсом эн туура жолу экен. Бекболоттун айтканына караганда, уч килодон жонотот экенмин, ар бир жонотконумо уч мин доллардан толоп берет экен. Он кундон кийин биринчи товарды жонотот экенбиз. Мен кундо кечки тамакты кафеге заказ кылмакчы болдум.
Эртеси, ишибиз тортто баштала турган, мен учтордо кафеге бардым, ичине кирип барды карасам эч ким корунбоду, жайында, кун аябай ыссык болгондуктан  кафеге келген адамдар баары эле сырттагы сорулорго (топчан) отуруша турган.Барда иштеген кыз да ошолорду тейлеп, эшикте жургон окшойт. Бардын алдындагы бир столго отуруп, менюну барактап олтурсам бир сулуу кыз кирип келди, арыгыраак келген, бою узун, ак саргыл, чачын хвостик кылып байлап алган, коздору бир башкача жайнап турат экен. Мени карап койду да, барга кирип бир нерселерди калькулятордо эсептеп жаза баштады. Мен оозуму ачып карап калганмынбы, мени карады да, онтойсуз абалда калдыбы, отуруп алды, бардын стойкасынан корунбой калды.
Ошондо эсиме келип, мнеге келгеними эстедим да, барга барып:
-Бир кола берип коёсунбу-дедим.
Башын которуп мени карады эле, козун карасам, тунук, ото терен, тубу корунбогон колго окшоттум. Жаш баланыкындай болуп таптаза, куулук-шумдукту билбеген, ишенчээк коз караш, негедир мага ушундай сезилди. Жакасына илинген бейджикке аты жазылыптыр, аты Элиза экен.
-Кола, кандайын берейин?
-Баночныйдан, анан эки стакан берчи.
Коланы эки стаканга болуп куюп, бироон ага бердим, ал мени тан калып карап койду да, рахмат айтып бир ууртап жанына коюп койду.
-Мен кечкиге тамак заказ кылайын дедим эле, алып кеткенге.
-Кандай тамак заказ кыласыз,  саат канчага- деп ручка, кагаз алып мени карап калды. Мен саат сегизге лагман заказ кылып,  дагы суйлошкум келип, эмне деп соз баштасам деп соз таппай турсам, кафеге эки-уч адам кирип калып, Элиза аларга алаксып, заказ кылган аны-мунусун ташып журуп калды. Карасам али-бери бошобой турган.
Туалетти коройун деп кирсем,  айткандай эле бир адамдык туалет экен, кол жуучу раковинанын жанында Бекболот айткан ящик илинип турат, туалетти ичинен култап, Бекболот берген ключ менен ящикти ачсам, ичи бош экен, ящик сырты пластмассадан жасалган менен ичи калын темирден жасалыптыр, анча эле нерсе баткыдай. Кайра култап чыктым да Элизаны карасам корунбойт, сыртка чыгып кеткен окшойт, куткон менен келгенде эмне дейт элем, ишке кеттим.
Бир жумадан кийин Бекболот менен жолуктум.
-Кандай, даярсынбы, проблема жокпу?-дейт,
-Баары жакшы, бир жумадан бери кечке тамак алып кирип жатам ишке, посттогулар мурун бирге иштеген балдар, баары менен таанышмын, текшеришкен жок, охрана менен проблема болбойт буйруса.
-Жакшы, уч кундон кийин товар жонотобуз, даярдан- деп коюп кетти.
Ошентип товарды жонотор кун да келди.
Тундо тушумо ар нерселер кириптир. Саат бештерде эле ойгонуп алдым, оюма ар нерсе келет, кармалып калсам эмне болот ж.б., ойлоно берип саат ондорго башым кадимкидей ооруп чыкты. Акыры ойлондум, менин башка жолум жок эле, эгер Жумалы акенин айтканын кылбасам, мени эч ойлонбой эле милицияга сатып коюшмак. Эгер кокусунан милиция мени билип калып кармай турган болсо, кеминде уч адамды уруп качып кетмекмин, аэропорттун айлан-тегереги бут эле ачык болчу. Азырынча айтканын кылып турсам, кийинчерээк созсуз бир нерсе ойлоп табам. Болду ал жонундо ойлонбойм деп чечтим.
Кундогудой эле ишке бардым, ишке кирип кетатып Элизага кечкиге тамак заказ кылып койдум. Элиза клетка кофта, джинсы кийип, фартук тагып алган экен, аябай жарашып калыптыр. Кундо эле корсом деле, дагы коргончо шашам, сагынып калам.
Аэропорттун ичине киргенче эки посттон отом, биринчисин "шлагбаум" деп коёбуз, экинчиси КПП, тархетканы корсотуп, толук формачан болуп отушубуз керек. Эки постто тен мурда бирге иштеген балдар туруптур, учурашып, аны-муну айтып тамашалашып отуп кеттим.
Бугунку кылар ишим эсиме тушор менен озуму дароо бир нерсе менен алаксытам,  эзели колума албаган, ишибиз боюнча инструкциялар бар эле, ошолорду кунт коюп окуп, конспектилей баштадым бир четинен. Бугун беш адам иште элек, баары тан калып, мнеге окуп жатканымы бир сыйрадан сурап чыгышты.
Саатты улам-улам карап коём, кечки тамакты ондордо ичебиз. Акыры саат он болду, тамак алып келейин деп айтып коюп, кафеге барсам, ичинде уч-торт адам бар экен. Элиза мени коруп, тамак салып койгон пакетти алып берди. Акчасын бердим да:
-Элиза карап турчу, колуму жууп алайын деп туалетке кирдим да, ичинен култадым. Эшиктин замогу да байкабаган экенмин, жаны коюлуптур, онойлук менен ача албайсын. Бачокту ачсам буктолгон, биз иште кийчу жилет туруптур, алып карасам товар жилетке жука кылып салынып тигилиптир. Алып кийдим да сыртынан формамы кийип алдым. Форманын сыртынан эч нерсе билинбей калат экен, колуму жууп чыктым да, ишке шашкан адам болуп пакетти алдым да, Элизага рахмат айтып чыгып кеттим.
Канчалык коркпоюн десем да, денем маал-маал дурр этип муздап кетип жатты, баары эле мени андып тургансыйт. Тез-тез басып аэропортко киргенге шаштым, шлагбаумда Максат деген бир аке бар эле, аябай тамашакой эле, ошол туруптур, жанынан отуп баратып, унчукпай отуп кетсем кандай ойдо калат, себеби кундо бир нерсе айтып тийишип отчумун:
-Аа Максат аке, зерикпедиспи,-десем,
-Зериктинби, зерикпединби баары бир турасында мне кылайын, журогуму сыкпачы, жарама туз сеппечи, хотя бы сени тузукпу десем, сен деле бир болбогон бала окшойсун-деп кулуп калды, мен да каткырып кулумуш болуп отуп кеттим.
КППда Берди аке деген турган, мен келгенде посттун ичинде олтурган экен, чыгып келди, пакетти ачып ичин корсоттум, тамакты коруп:
-Ужинби?-деп койду,
-Ооба, бугун бир лагман жейинчи-деп турсам, артыман бироо:
-Эй авиатехник, кармалдынбы-деп эле далыма бир койду эле, журогум жарылып кете жаздады, пакеттин эки сабын эки колум менен кармап турат элем, бир сабы колуман чыгып кетип, пакет аз жерден колуман ыргып кете жаздады, адамдын ою жаман экен бир паста ар нерсе  оюма келип кетти. Артымы карасам Замир деген бала, дос элек, ошол отуз эки тишин корсотуп жыртайып кулуп турат. Козумо ушунчалык жаман корунуп кетти, тумшуктан ары берип калгым келди. Дагы жакшы карангы болгондуктан менин онуму корушкон жок, озумо кадимкидей билинди онумун бозоргону.
-Кандай Зёмыч- дегенге аран жарадым да, ишке кечиккен адам болуп, шашып-бушуп басып кеттим. Копко чейин колдорумун калтыраганы басылбай койду.
Кирсем баары сериал коруп атышкан экен, мага конул бурушкан деле жок.
-Саат он экидегиге Канат Эрмек экоон чыгасын-деп койду биздин смендин начальниги Каныбек аке. Мен куткон самолёт ушул болчу. Самолёт тоскону чыгаарда, раздевалкага кирип, товар салынган жилетти чечип, торт бурчтук кылып ородум, да ичиме скотч менен ороп алдым.Самолёт келип конуп, жургунчулор тушуп кеткиче биз озубуздун ишибизди кылып журдук, эми учуп кеткиче кезек менен самолёттун жанында турушубуз керек.Акыры жургунчулор, аэропорттун адамдары кетип самолёттун жанында экипаж менен эле Канат аке экообуз  калдык. Командир экипаж самолётту бир сыйра айланып карап коюп, самолётко кирип кетти. Мен, баары кеткенден кийин, Канат акеге:
-Сиз барып дем ала берин, мен тура берем, керек болсонуз рация менен чакырам-деп жонотуп жибердим. Эки жакты карасам, жуз метрдей арыракта коопсуздук кызматынын адамы журот, ким экенин тааныбадым карангы болгондуктан. Андан башка эч ким деле жок.
Канат аке кетээри менен  самолёттун тубуно кирдим да, донгологунун артына отуп, ал жер прожектордун жарыгы тийбей турган, карангы жер эле, товарды алып даярдап, тиги орус келсе берип кутулайын деп оролгон скотчту отвертка менен кыркып жатсам артыман:
-Эрмек каяктасын-деп Канат акенин уну чыгып калды, скотчту кыркып койгон элем, товарды каякка катышты билбей, ичиме басып, отуруп калдым.
-Аякта эмне кылып отурасын-деп жаныма келип карап туруп калды, эмне айтышты билбей шашканыман, ичим ооруп чыкты депмин:
-Сен бала отравление болуп калбадынбы, кантип ооруп жатат-деп, пешенеме келип отуруп алды. Ошол маалда Канат  акенин колундагы рациядан, начальнигибиздин уну чыгып калды:
-Канат, мне болдун, тех.графикти апкелбейсинби-деп.
Канат аке бою узун адам эле, самолёттун тубундо энкейип туруп суйлой албады окшойт, самолёттун тубунон чыгып арыраак барып начальнигибизге тушундуро баштады. Мен товарды самолёттун кош донгологунун ортосуна бекиттим да, туруп Канат акенин жанына  барайын деп туруп жатсам, Андрей окшойт, экинчи пилоттун формасын кийген,орто бойлуу адам траптан тушуп, Канат акени коздой басып жоноду. Канат акени мен деп ойлоду окшойт, бир нерсе деп айтып жибербесин деп, артынан чакырып  токтотуп калдым. Мени коруп тушунду окшойт, токтоп калды.  Канат аке самолёттун наркы жагында тургандыктан созубуз угулбайт эле:
-Кечиресиз, атыныз ким десем,
- Сен Эрмексинби-деди.
Баары туура эле, ушинтип жооп бериш керек эле.
-Беш муноттон кийин чыгын, шеригим чыгып калды, азыр кетет-десем,
-Тушундум- деди да самолётко кирип кетти.
Канат аке тех. графикти унутуп кетип, кайра келген экен, ар нерсени айтып атып аран кетирдим
Карап турганбы, Канат аке кетээр менен Андрей тушуп келди да, товарды алып кайра кирип кетти.
Уфф деп эле отуруп калдым.
Эми мага маяк келиш керек  Бекболоттон, ага Андрей чалмак. Эгер баары жакшы болсо бир эле маяк келмек, бир маяк келди, башка маяк келген жок.
Самолёттун тубуно кирип олтуруп, КППда мени чочуткан Замир досуму, Берди акени, Канат акени  ойлодум,  азыр алар эч нерседен коркпой-уркпой олтурушат, бири-бири менен тамашалашып, эртен сменди тапшырып уйуно барышканда да кунумдук тирилиги менен убара болушуп, тундо да кенен укташат.
 Акыры самолёт учуп кетти.
Бекболот да кеткен болуш керек, ал самолёт учуп кетмейинче аэропорттун жанында турмак.
Эртеси Бекболот менен жолуктум, мени колуму катуу  кысып куттуктап, бул сага деп газетага оролгон бир нерсе берди.  Жумалы аке да салам айтып жибериптир, эми бир жумадан кийин жонотобуз деди да кетти. Уйго кирип газетаны ачсам уч мин доллар экен.
Ошентип жума сайын жонотуп журдук, Бекболотту товар жоноткондон кийин акча алганы жолукканда эле корбосом, корбойм деле. Жонотор кунду убактын эле айтып коёт, башка суйлошпойбуз деле. Азыр эч нерседен коркпой деле калдым, посттордон кулуп-жайнап эле отуп кетем.
Элиза менен аябай жакшы болуп кеттим, бош убактым болор менен барам, клиенттер жок болсо мени менен отура берет суйлошуп, байкасам ага ото эле байланып бараткандаймын, коргум эле келе берет. Ал деле мага конуп калды окшойт, туулган кунундо куттуктап жаны кымбат телефон белек кылдым албайт деги, аран алдырдым. Шаарда квартирада турат экен, агенттен тун бир оокумга чейин жазышабыз, анын да ата-энеси кичине кезинде авариядан каза болушуп, тайенесинин колунда оскон экен. Тайэнеси отуп кеткенден кийин шаарга келе берген экен, аны уккандан кийин аяп, ого бетер жакшы коруп калдым. Айтор экообуздун окшош жактарыбыз коп экен.
Адам женил турмушка тез эле конуп кетет экен, мурун кеч тургандарды тушунбочу элем, кантип уктай берет деп, азыр озум саат он-он бирге чейин уктайм, жадакалса  озумо тамак жасагандан эринем, кобунчо кафелерден эле тамактанып алам.
Коптон бери товарды жонотуунун башка, коопсузураак жолун ойлоп жургом, ошону кылып коройун деп чечтим, себеби Андрей деле жонокой эле учкуч да, аны да Ошто текшербесе да Москвада текшерип калышы мумкун эле, эгер ал кармалып калса мага аябай эле жаман болмок.
Базарга барып кытайдын озу журо турган, пульт менен башкарылуучу оюнчук машинасын, паяльник, кичине болт, гайка дагы майда-чуйдо керектуу нерселерди, бир арзан кол телефон сатып алып келдим.
Менин максатым, товарды Москванын аэропортуна киргизбей, сырттан алуу эле. Самолёттор жерден которулгондон кийин, донголоктору жыйылып ичине кирип кеткен жерин орусча днища деп коёт, бардык самолёттордо окшош, ал жеринде бизче айтканда тешик-тушуктары коп болот. Товар сала турган ынгайлуу жери да бар эле, ошол жеринде уч трубка отот, ал трубкалардан, жерде кырк градус ысык болсо да, асманда он километр бийиктикте аябай суук болот, ысыктан суукка чыкканда самолёт жонокой тил менен айтканда тердейт да суунун тамчылары пайда болот, тамчылар ошол трубкалар аркылуу жерге агып кетет.
Менин оюм товарды ошол жерине салып жонотуу эле.
Уйдо даярдай баштадым, он кила алебастр алып келип пакетке уч киласин салып торт бурчтук кылып скотч менен ородум. Сыртынан пенопласт менен да ороп, ичине телефон салдым,  да анын сыртынан дагы пенопласт менен ородум. Бир капталына кичине жыгач рейка кошо ородум да жыгачка оюнчук машиненин моторун катырдым, мотордун учуна велосипеддин тормозунун тросунан узундугу жети сантиметр кыркып кичине болттор менен катырып, тростун учуна кайырмактыкындай кылып илмек жасап болт гайка менен катырдым. Моторго ток келуучу эки зымына оюнчук машиненин дистанционный управлениесинин блогун уладым да эки батарейкага уладым. Анан моторду аралыктан башкаруу учун пультту даярдадым, пульттагы уч эле кнопканы калтырдым, машинаны алдыга жургузуучу кнопкасын, токтотуучу кнопкасын жана машинени артка жургузуучу кнопкасын калтырдым да калган кнопкаларды паяльник менен узуп салдым. Самолёттун трубасындай калындыктагы труба таап келип  дубалга трубанын башын ылдый каратып катырдым. Баары даяр болду.Эми иштегенин текшериш керек эле, дубалга катырылган трубага илмекти илип бир колум менен товарды кармап туруп, телефондун секундомерин жургузуп койдум да, пульттун алдыга жургузуучу кнопкасын бастым, мотор он жакка айланып тросту айлантты эле илмек трубага оролуп бекем катты, жети секундда катат экен, пульттун токтотуучу кнопкасын басып мотордун айланганын токтоттум да, машинени артка жургузуучу кнопкасын бастым, мотор сол жакка айланып тросс бошоп илмекти артка бурады эле илмек трубадан чыгып кетти, он секундда илмек чыгат экен. Бир жума текшердим иштешин, кундо жарым килограммдан алебастр кошуп турдум, жети килограммга чейин жеткенде токтоттум. Ишеничтуурок болсун деп моторду чонураагына алмаштырдым.
Досум эми сага тушунуктуу болсун учун тушундуро кетейин. Мен товарды самолёттун тубуно бекитем, самолёт Москвага, аэропортко жете берээрде токой бар, ошол токойдун устундо самолёттун донголоктору тушурулгон болот. Андрей кнопканы басканда товар бошойт да оз салмагы менен тушуп кетет.  Товарды алып чыгып беруучу адам токойдун ичинде издеп кыйналбайт, интернетке уланган ноутбуктан эле товарга кошо оролгон телефонго чалса эле, же чалбаса деле ошол номерди жазып поиск дегенди басса, канча аралыкта, кайсы тарапта экенин корсотуп берет. Телефонго чалганда кокусунан башка адамдар коруп же угуп калбаш учун, телефондун динамигин, куйо турган лампочкаларын, экранын узуп салгам, товарды эч кимден бекинбей этпей эле алып чыгат.
Дагы бир-эки жерин алмаштырдым, акыры кынтыксыз иштээрине козум жеткенде телефонго тартып, Бекболотко корсоттум. Ал видеону коруп озун жасадынбы деп ишенбеди. Эки кундон кийин Жумалы аке келиптир,  кайра-кайра иштетип коруп, аябай эле тан калды. Кайдан билесин мунун баарын, кантип жасадын дейт. Авиациялык колледжде электротехника сабагында мындай нерселерге кызыгып калган элем, коп журналдарды таап окуган элем, ошолордун пайдасы тийди десем тан калат. Ойлосом колледжде бизди жакшы эле окутушкан экен, бир да баланын акча берип экзамендерин бутургонун укпаган экем, кантсе да союздун тартибине конгон кучтуу мугалимдер экен да.
Бирок Жумалы байке дагы деле ишенбеди, коркту окшойт, акыры мейли, бир жолу королу, алебастырыны жонотуп корчу дейт. Эки кундон кийин Андрейлердин самолёту келе турган, ошол рейс менен жонотойун десем макул болду. Озу эртен менен Москвага учуп кетмекчи болду,  барып Андрей менен суйлошуп, аэропорт жактагы токойду коруп, кыскасы даярдана турган болду. Эки кундон кийин уч кило эмес беш килограмм алебастрды самолётко орнотуп, Андрейге пультту бердим.  Жумалы байке Андрейге видеону корсоткон экен, Андрей деле техниканын адамы да, дароо эле тушунуптур. Товарга кошулуп оролгон телефондун номерин Бекболотко смс кылып жонотуп жибергем, ал дальше Москвага жонотуш керек. Ошентип ал рейс да учуп кетти, эми торт жарым саатта жетсе, нары-берисине жарым саат кетсе, беш сааттан кийин билинет, эмне болгону, танкы саат торт жарымдарда смс келиптир Бекболоттон, смайлик жонотуп жибериптир "окей" деген. Менин планым ишке ашыптыр деп койдум. Эртеси тундо Бекболот экообуз жолуктук, эки-уч кундо Жумалы байке келет экен, мындан аркы ишти суйлошкону.
Жумалы байке келди, конулу ачык:
-Ой Эрмек балам, сен кыйын бала турбайсынбы, ойго эмес тушко кирбеген ишти кылдын, азамат, сен биздин ишти элуу процентке женилдеттин балам, мурун товар аэропорттон чыкканча журокзаада болуп отурчу элек, расход да ошончо азайды, Андрейден башка да канча адамга акча берчу элек, товар аэропорттон чыкканча-деп суйунот. Мага ноутбук алып келиптир Москвадан. Аларга суйуно турган эле иш болду да, азыр аларга эмне, эч кандай коркунуч жок да, токойдон эле товарды алып, машинага салат да кетти. Андрейге жыргал эле болду, анын иши пультту эле керектуу жерге барганда басып койсо болду, ошонусуна эле бир канча акча алат. Ал мени "Кулибин","Левша" деп алган, мурда эч суйлошпочу, башын жерге салып алып эле шыпылдап тез-тез басып, букуройгонсуп журчу. Коркчу окшойт да. Азыр кулуп-жайнап калды.
Менин планым менен иштеп калдык, кынтыксыз иштеп жатты, булар менен иштегениме бир жылдан ашып кетиптир. Акча жакшы эле чогултуп койдум, элдин козуно тушпойун деп, кымбат буюм албайм, акчаларымы банкка, беш карточкага болуп салып чогултуп аттым.
Машине алдым, "вольксваген жетта" деген, сыртынан эски, арзан корунот, бирок мерстин мотору коюлган экен, анча-мынча машинеге жеткирбейт.
Колум бош кундору Элизаны уйуно жеткирип турам, биринчи так секирип болбой койгон,  уйуно жеткирмек тургай жон эле отуруп кор десем, коргондор эмне дейт деп. Акыры конду, кээде ага байкатпай сумкасына акча салып коём. Жон берсем деги алчудай эмес, башка кыздарга окшоп олуп-талып ар нерсе алдыра бербейт, кайра озундо болсо мага алып берем дейт, бир жолу машинанызга бензин куюп алын деп акча сунат.
Бир нерсе алып берейин десен, андан коро чогултпайсызбы, кийин уйлонгонунуздо женеме бир нерселерди алып бересиз да дейт. Мен сага уйлоном десем,  мага уйлонсоз эки кундо кутулушка шашасыз да деп кулот. Ошенткен сайын асмандагы айды да алып бергин келет, дагы деле мындай ыймандуу кыздар бар экен да деп коём ичимен.
Ошентип кундор ото берди, мен жакшы тушунчумун, акыры бир куну бул иштин аягы жаман бутоорун. Кантип булардан кутулуштун жолун табалбай журо бердим, иштебейм деген куну булар мени бир жансыл кылышы айдан ачык эле. Журо бердим бир кеби болоор деп.
Бир жыл дегенде жакшы иштедин, сага премия деп беш мин доллар алып келиптир Бекболот, Жумалы аке берип жиберди деп, канча акча эконом кылып бердим да буларга, кобуроок деле берсе жарашмак. Бекболот болсо мени "Босс" деп алган.
Бир куну, кундуз эч чалбачу эле, Бекболот чалыптыр, зарыл соз бар, чыгып тур деп. Азырбы десем ооба мен келип калдым чык дейт. Чыксам туруптур, машинасына отурсам:
-Эмкиде жети килограмм жонотуш керек болуп жатат, жоното аласынбы?-дейт,
-Жонотсо болот-десем,
-Ошону эле сураганы келдим эле- деп коштошуп кетип калды, бир нерсе айта албады же сурай албады, айтор бир нерсе болгонун сездим, мени бир башкача карап жатты, карап калсам козун ала качат, жети кило деп жон эле айтып койду окшойт, себеби кантип жонотосун деп майда-чуйдосуно чейин сурамак. Мен бир нерсе болгонун сездим, башталды дедим озумчо, жон журо берсем мен учун  аягы жаман бутушу толук мумкун эле. Мен кантип болсо да эмне болгонун билишим керек эле. Сураган менен айтпайт эле мага эч ким.
Аны билиштин бир жолу бар эле, Бекболоттун машинасына подслушивающий устройство койсом, ал баары бир машинада журуп суйлошмок, ошол суйлошкондорунон билишим мумкун эле.
Товарды эки кундон кийин жонотмокпуз, ошого чейин подслушиваюший устройство таап коюш керек эле, Оштун болгон магазиндеринен, базарларынан издеп таба албай койдум. Акыры озум жасамак болдум. Базардан жонокой,  кнопкалуу арзан телефон, КТ-315  деген транзистор, кытайдын кассеталуу аудиоплеерин  алып келдим. Телефонду ачып звонок келгенде куйо турган бардык лампочкаларын паяльник менен куйгузуп салдым, экранына келген шлейфин узуп койдум. Бироо чалса кадимкидей суйлошсо болот, экран куйбойт, кара болуп тура берет. Клавиатураны жарык кылган торт лампочкасы бар экен, аларды да куйгузуп салдым.  Вибрациясын жок кылыш учун кичине мотору болот телефондун арт жагында, мотордун учунда валы болот, жарымы тогорок, ошол айланганда вибрация болот, ошол моторун алып салдым, кычкач менен эле тартып жулуп алдым. Телефонго звонок келгенде шынгырабасын, ун  чыкпасын учун динамигин алып салдым. Анан телефондун звонок келгенде алыш учун басыла турган  "ок" кнопкасын ачтымда,  конденсатордон уч зым чыгып турат, бир зымын плюсуна,  бир зымын минусуна, учунчу бир зымын микрофондун плюсуна уладым, аудиоплеердин микрофонунун  усилителин чыгарып алдым да телефондун микрофонуна уладым, усилитель телефондун айланасындагы жети метрге чейинки ундорду кучотуп угузуп бериш учун керек эле. Ошентип подслушиваюший устройство даяр болду.
Эми ал кантип иштешин тушундуро кетейин, эгер бирооду угам десен телефонду ошол адамдын уйунобу, ишинеби бекитип коюш керек, телефон жагылуу болот, симка салынат. Анан ошол телефонго чалсан телефон озун озу алат да ошол жердеги жети метрге чейинки айланадагы создорду, добуштарды уга бересин. Каалаган маалда чалып угуп, каалаган маалда очуруп койсон болот, батарейкасын гана кымбатын сатып алсан, бир жумага жете берет жонокой телефондо. Эгер бироо таап алган кундо да эч нерсе тушунбойт, себеби экран очук, капкара болуп турат, бир да жарык жок, лампочкалары баары паяльник менен куйгузулуп салынган, эч кандай ун угулбайт, динамик алып салынган, вибрация деги эле жок. Таап алган адам телефондун кнопкаларын басып корот, бирок кнопкалар иштебейт баары узулгон, кыскасы бузук арзан телефон жатат и всё. Таап алган адам телефондун ар жак бер жагын баскылап, чукулап атканда да уга бересин, кааласан телефонду очуруп кайра чалсан да эч нерсе сезбейт,  кыскасы ушундай.
Товар жонотор куну кафенин туалетине кирип ящикти ачсам, баягыдай эле уч кило экен, алып аэропортко кирип кеттим. Тундосу самолёт келди жоноттум, баары тынч эле болду.
Озумчо ойлондум, откондо Бекболот мага бир нерсе айтканы келген, бирок бир нерсе себеп болуп айта албай кеткен.
Бекболот келээрге жакын, кундо бир жерге токточу, жолдун боюнда чон арык бар, ошол арыкка бекинип турдум, Бекболот келип мага телефон чалайын деп убара болуп жатканда, машинанын артынан чыгып глушителине картошканы тутун чыкпагыдай кылып сайып койдум да, нарактан келген адам болуп, машинага отурдум, ар дайым машинанын арткы отургучуна отурчу элем, бул жолу да артына отурдум, унчукпастан акчаны берди, мурун деле коп суйлошчу эмеспиз, акчаны алып коштошуп тушуп кетип жатсам, машинасын жургузду эле журбой койду, кайрылып жанына келдим, кайра-кайра жургузуп корду, капотун ачып бир нерселерин кармаламыш болду, дагы жургузуп корду:
-Бугун эртен менен текшерткем, баары жакшы деген эле, эч минтип бузулган эмес эле-дейт,
Багажынан ключ салынган сумкасын алып чыгып свечаларын бошотуп текшере баштады, мага ключун берип жургуз дегенде жургузуп турчу дейт, мага ошол эле керек эле машинага отуруп, телефонду сидениенин тубуно тушуп калбагыдай кылып бекиттим. Машинадан тушуп бир аз Бекболоттун жанында карап турдум да машинанын артына отуп картошканы алып ыргытып жибердим. Машинасын дагы бир аз чукулап, жургузду эле журуп кетти, кетээр менен бекиткен телефонго чалдым, Бекболот бироо менен суйлошуп жатыптыр:
-Азыр барып калам, машина журбой кыйнады, эми жургуздум, мне болгонун тушунбодум.
Суйлошуп атканы урушту окшойт:
-Бугун караткам, озун деле кордун го, ушул убакка чейин бир бузулганын кордун беле?
Мен жонундо сурады окшойт:
-Жок, кундогудой эле, акчаны алып эле кетти, кой майли барганда суйлошобуз, шаарга келип калдым деп телефонду коюп койду.
Мен телефонду очурбой, уйго келип суйлошулгон создорду жазып ала турган кнопкасын басып коюп койдум, Бекболот машинесинде ким менен суйлошсо да баары жазылып калмак.
Тушумдо Жумалы байке пакетке салынган аракты Бекболотко берип:
-Эрмекке бер, баарын ичсин, жанында карап тур- деп жатат.
Бекболот аракты стаканга куюп, мени коздой басты эле мен да аны коздой басып аракты алайын деп жатсам ортобузда чон суу пайда болуп, Бекболот сууга тушуп, суу баткак экен, чыга албай жатат, ошону менен ойгонуп кеттим. Саат жетиден отуп калыптыр телефонду текшерип кордум, Бекболот эч ким менен суйлошпоптур.
Очурбой эле жаныма коюп койдум, унун катуу чыгарып. Саат ондордо Бекболот машинасын жургузуп бир жакка жоноду. Бироого чалып:
-Мен келдим каеринде турун, аа кордум бол тез-деп телефонун очурду окшойт.
Бироо келип машинага отурду,:
-Тынччылыкпы, эмне мынча шашып, телефондон эле айтсан болбойт беле,
-Болбойт эле! Утечка кетиптир,токойго тушкон товарды местный бир орус алып чыгып берип журчу экен, ошол менттерге айтып салыптыр,
-Мне алкаш беле,
-Жок, шефти билесин го, андайларды жакын жолотпойт да, жанагы кок мээ кымбат машина сатып алыптыр. Жашаган айылы кичине айыл экен, ким эмне тирилик кылып жатканы баарына дайын го, соз болгон окшойт да. Айылдын участковыйы бироолор аркылуу алдап арак ичирип мас кылып,  айттырып алыптыр.
-Мне анан биздин артыбыздан андып калышыптырбы,
-Жок, пока бизге чыга элек окшойт "шеф" айтат эле, жакында эле билиниптир да,
-Аны шеф каяктан билип калыптыр?
-Ментурада адамдары бар, шеф кадимкидей айлык толоп берет аларга.
-Милициялар шефтен айлык алышабы?
-Ооба, ооба, ай сайын айлык алып турушат экен. Мен тундо  шеф менен суйлоштум, экообузго иш тапшырды,
-Кандай иш?
-Экообуз Эрмекти тынчытышыбыз керек,
-Кандайча тынчытышыбыз керек?
-Кандайча,кандайча, ушундайча эле тынчытышыбыз керек, дайынсыз жок кылышыбыз керек, болбосо бизди тынчытышат,  менттер жакында чукулаша башташат, анан оной эле Эрмекке чыгышат, эгер Эрмекти жок кылсак, жип узулот, бизге чыга алышпайт.
-Дагы мокрухабы? Башка жолу жок бекен?
-Эми шеф айткандан кийин кылбай коё албайбыз да, короче среда кунго ишти бутурушубуз керек, четверг шеф келет экен. "Уюктагы" акчаны, товарды Баш-булакка алып барышыбыз керек. Бул ишти мен, сен, шеф учообуз эле билишибиз керек экен, шеф бироого оозунардан чыкпасын деп эскертти, экообузго бир лимон берет ишти жакшы бутурсок.
-Ойлондунбу кантип тынчытышты, -Жок пока, среда куну кечке жолугабыз, ал жак ээн талаа, эч ким деле болбойт, ошерде бир нерсе кылабыз. Кой майли мен азыр дагы бир эки жерге барышым керек, короче среда кечки саат ондорго келем, даяр болуп тур, мага чалба мен озум чалам.
Оз жанын сакташ учун адамдын омурун кыюу булар учун конумуш иш экен да.
Бугун да ишке барышым керек, анан эки кун дем алыш, средага чейин уч кун убактым бар экен, саат тортко чейин ойлонуп жаттым эмне кылышты.
Акыры алыс жакка качып кетуудон башка жол таппадым.
Бирок Элизачы, ага мен наркотик менен иш кылам десем кандай тушунот, азырынча эч нерсе айтпай эле турайын деп чечтим, бир жакка барып жайланышып алсам анан деле алып кетем. Бир жагынан мени менен журуш ага да коркунучтуу эле.
Ишке барып кундогудой эле иштеп журдум,  сегиздерде Элизага бардым, кафеде эч ким жок экен, тунку бирге чейин эч кандай рейс жок эле, рейс болгондо гана клиенттер келбесе, башка маалда эч ким деле болбойт. Кафеден эле тамактанып алайын мага шерик бол деп, экообуз бирге тамактанып олтурдук. Бир эки жолу айтып жиберейин дагы дедим, бирок коркутуп албайын, мени жаман коруп калбасын деп айтпадым. Ойлоп корсом оппогон да экем, жанында олтуруп эле куса болуп, сагынып кеттим. Эч нерседен бейкапар кулуп жайнап ар нерселерди айтып берип олтурат. Ичимен коп болсо бир айда алып кетем, жаны жашоо баштайбыз. Мен иштейм, эч нерседен кем кылбай багып алам дедим. Деги жанынан чыккым келбейт, саат он экилерге чейин олтурдук окшойт, менин бактыма бир да клиент келген жок, акыры иштен издеп чала баштаганда аргасыздан ишке жонодум.
Эртеси уйго барып жуунуп-таранып алып керектуу деген документтерими, акчанын карточкаларын, уйдо болгон акчаны алдым да, башка эч нерсе албадым, айтып болбойт эле, мумкун мени андышып калган болсо, колума сумка которуп алсам, дароо эле кармашмак. Азырынча мени эч ким издебейт эле, ишке эки суткадан кийин барышым керек, квартиранын ээси дагы уч жумадан кийин келмек, Бекболот эки кундон кийин чалат. Убактым бар эле тузук эле Бишкекке жонодум, симкамы ыргытып, жанысын алдым, телефондогу болгон номерлердин баарын очуруп салдым, Элизаныкын эле калтырып. Авиационный колледжде бирге окуган досум бар эле Саня деген, Сокулук районунун айылдардын биринде жашачу, айылдын атын жазбай эле коёюн, кышкы сессиядан кийин каникулда баары уйлоруно кетишчу, мен колледждин жатаканасында калчумун, ошол маалдарда, деги эле дем алуу кундорун, башкалар суйунуп кутушсо, мен жаман корчу элем, баары кетип мен жалгыз калчумун. Ошол Саня уйуно чакырып, каникулду ошонукунда откорчумун. Атасы Россияда иштечу, уйундо апасы, иниси учоосу жашачу. Малы коп эле, кундо малын карашып, ишин кылышып, кечинде дискотекага барып дегендей. Апасы мени жакшы корчу, барганда отура бербей иштерине жардам бергеним учунбу билбейм, айтор барсам суйунчу. Ошонукуна барайын дедим, себеби алардын айылындагылар Казакстанга коп барышчу, породалуу аттарды жашыруун жолдор менен алып отуп, сатып келишчу. Менин оюм Казакстанга кетуу эле, границадан жашыруун отуп алсам, эч жерге аты жонум жазылбай, аяктан паспорт алсам болот эле, акчан болсо бутпогон иш жок ко.
Саня уйундо экен, апасы менен инисин атасы Россияга алып  кетиптир. Саня уйлонуп бир балалуу болуптур, аялы ишине кеткен экен.
Саня ишеничтуу бала эле, ачык эле айтып бердим. Ал Казакстандык коммерсанттарга машинасы менен Дордойдон товар алып отуп берип иштеп атыптыр.
Дем алып тур, мен бир эки саатта келем, бир адам бар, жакшы адам, ошонун колунан келет, мен барып суйлошуп келейин деп бир жакка кетти. Телевизор коруп жатып уктап кетипмин, турсам саат кечки алты болуп калыптыр, Саня ойготпогон окшойт. Суйлошуп келиптир. Паспорт, военный билет жасатып берем, адресин Кордайлык кылып уч кундо даяр болот. Болгону Астана жакка барып жашаш керек бул жакта журбой дептир. Мага айырмасы жок эле, каягында жашаштын. Айткан акчасын бердим, Саня дароо эле алып барып берди. Эми уч кун кутуш керек. Саня уйдон чыкпай эле кой, коншулар корсо эмне деп ойлойт, уч кун чыдап тур дейт. Макул болдум.
Эртеси куну Бишкекке барып карточкаларымдагы акчалардын баарын "American express"деген карточка алып ошого котордум, ал карточка менен дуйнонун кайсы бурчу болбосун ала алат экенсин. Колунда карточка анан паролду билсен болду.
Кечинде жатып агентти ачсам Элиза ар нерселерди жазыптыр, жооп жазбаганыман кийин чалган окшойт, "каяктасыз", "чалсам телефонунуз очук болуп атат" жана башка ушул сыяктуу создорду жазыптыр. Аябай сагыныпмын, жооп жазайын дейм, только мне деп жазат элем, бекер аны да ойлондуруп. Саат тунку он эки болуп калган, кундуз уктап алгангабы, уйкум келбей интернеттен ар нерселерди окуп жаткам, маал-маал   Элиза жазбады бекен деп карап коём. Уктап кетипмин, саат танкы жети болуп калыптыр, ойгонсом. Карап коёюн деп агентке кирип окуп коркуп кеттим, Элизанын почтасынан Жумалы байке жазып жибериптир, тунку саат экилерде жазыптыр биринчисин:
"Эрмек каяктасын, мени менен байланыш балам", "мага телефон чал же номерини жаз" деп телефон номерин жазып коюптур, "Эрмек бугун акыркы срок эртен келбесен Элизанан айрыласын,"деп.  Бир сааттай кутушкон окшойт, анан видео жонотушуптур, ачып корсом, жер уйдо окшойт, Элиза полдо ыйлап  олтурат, коп ыйлаган окшойт коздору кызарып, шишип калыптыр. Аябай коркуп калган окшойт, камерага тартып аткан адам суйло деп кыйкырды эле чочуп, ыйлап жиберди, унуно караганда Бекболот менен машинеде суйлошкон  бала окшойт. Элиза камерага карап:
-Эрмек аке эмне болуп жатат деги, мени аябай урушту, сизди каякта, таап бер, сен билесин деп. Эмне керек буларга,- деди. Бироо барып оозуна скотч жармаштырып койду, артынан тааныдым, Бекболот эле, камераны карабайт. Анан Жумалы акенин суйлоптур:
- Эрмек балам тез келип кал, сага тийбейбиз, жон гана бир-эки создор бар, суйлошобуз анан кызыны алып кете бересин, акылсыздык кылба.
Элизанын ыйлаганы угулуп, камераны ошол жакка бурду эле, Бекболот барып Элизанын чачынан тартып "унуну чыгарба" деп башын жерге басып-басып койду эле, Элиза унун чыгарбай жатып калды. Жумалы акенин уну чыкты "Зарыл болду очур камераны" деген, анан видео бутуп калды. Видеого тартып аткан баланын аты Зарыл окшойт. Артынан "Бугун биз менен байланышпасан кызыны олтуробуз" деп жазып жиберишиптир.
Видеону коруп жаным чыгып кетти, айрыкча чачынан тартып кармаганда. Эгер жанымда болсо билбейм эмне кылат элем. Жазылган номерге чалсам унуно караганда Зарыл, машинада кетип аткан окшойт:
-Да,
-Жумалы акеге бер телефонду,
-Аа Эрмексинби?-жанындагыга
-Эрмек экен-деди да-Жумалы аке жаныбызда жок, анан барганда озу чалат, каяктасын? Сени Элизан аябай чыдамсыздык менен кутуп жатат, сагынган окшойт,-деп кулот.
- Эгер Элизага дагы тие турган болсонор, бир тал чачы тушо турган болсо, бардыгын жооп бересин, силерди да чачынарды бирден жулам.
- Ой, ой аябай коркуп кеттим, давай созду кобойтпой келип кал, Жумалы акенин созу бар экен сенде.
-Айтып коёюн Элизага тийбегиле, мен барып калам, барганда озум чалам.
Саняга уч кундо келем деп коюп, таксиде Ошко жонодум, эч оюма келбеген экен булардын Элизаны алып кетиши, мени карап журушчу экен да корсо.
Жолдо кетатып кичине озуму токтотуп, ойлондум эмне кылышты. Кантип болсо да Элизаны алардын колунан алып чыгып кетишим керек эле, лучше мени олтурушсун эле.
Бекболоттун машинасына бекиткен телефондун номери эсимде калыптыр, дароо чалдым, тынч, эч нерсе угулбайт. Маал-маал чалып коюп жаттым, кечки саат жетилерде Жалал-абадка жетейин деп калганбыз, дагы чалсам машинанын журуп турган уну угулду, бир аздан кийин Бекболот менен Зарыл экен машинага отурушуп, бир жакка жоношту, Зарылдын уну:
- ГАИлер кармаса эмне кылабыз?
- Тунку саат он экиде кайдагы ГАИ,
- Шаардан чыга бергенде кобунчо туруп калышчу эле го,
-Ээ машинаны текшеришпейт коркпо, токтотсо пул да жазасы, ушунча текшеришпеген бугун текшерип калмак беле,
-На всякий пожар пушка алып албайлыбы,
- Шеф эч нерсе албагыла деди го, акча менен кутулушубуз керек, пушка алып алып, кармалып калсак ошондо проблема болот, алар мне машинаны тытмак беле, багажникти карашы мумкун, товарды тайникке салабыз да, короче корко бербечи, ар нерсени айтып менин да настроениеми бузба.
-Товар канча бар?
- Уч пакет, тогуз кила.
-Бардыгы батабы анан?
-Жок, бироо эле батат, уч килага эле жасалган да,
-Калганын кантебиз,
-Запасканын ичине салып туруп, кайра желдеп коёбуз.
-Пулдардычы?
-Пулдарды эки пакетке болуп салып, экообуз отурган сидениенин тубун ачып салып кайра тигип коёбуз, эч ким таппайт,
-Тангамаал кайтсак болбойбу, ГАИлер кетээр, саат торт-бештерде кайтсак.
-Жок, шеф бирге чейин келип калгыла деди гу, озун деле уктун го акыры. Бир болсо Эрмектен коркуп атат, келип калбасын деп, озу жалгыз калды да.
- Ээ Эрмек аны кантип таап алмак эле,
- Билбейм, бирок шеф Эрмектен коркот, кыйын бала, мындан коркуш керек деген да бир жолу, карасан товарды жонотушту ойлоп тапканын, тиги кок мээ болбогондо али канча пул иштеп алат элек.
-Ошону айтсан, кантип башы жеткенине тан калам да, ээ Бекболот шеф мне экообузду эле чакырды, Бекен, Нурбектерди деле
чакырбайбы.
-Учообуздон башка эч ким билбеш керек да.
-Эрмекти бир эки коркутуп койсо озу деле кетет эле да дайынын таптырбай, тушунот да, эмне кылат биякка чакырып,
-Ошого да башын жетпедиби, шеф анын акчасын ала албай жатпайбы, акчасын алып озун тынчытыш керек.
-Короче бир ок менен эки коён атып жатыптыр да а? Канча иштеп койду Эрмек, канча бердин?
- Билбейм эсептебегем, шеф жонотчу эле, мен апарып берчу элем, озун деле эсептесен, ар бир рейсине уч мин доллардан алса, бир айда уч же торт жолу жонотчу эле, эки жылдай иштеди окшойт.
-Уу анча эле акча бар экен да Эрмекте, каякка бекитти экен а?
-Банкка салчу эле, ар товар  жоноткондун эртеси пулду алар менен банкка барчу.
-Эрмекти каяктан тапкансынар озу, ким тапкан?
-Шеф тапкан, Эрмек Москвада иштеп жургондо подстава кылган, эки орус балага акча берип Эрмек менен мушташтырып, бироосун жыгылып тушуп  олумуш болуп каласын деген, анан Эрмекти ар нерсени айтып, коркутушуп, тиги орусту олуп калышы да мумкун деп алдап, жардам берген адам болуп, Кыргызстанга качырышып, ошентип иштеп калган бизге.
Машина токтоду окшойт, Бекболоттун уну:
-Майли, короче ровно он бирге ушул жерде тур, жаны номерини сал, эскисин ыргыт, мага айтып кой жаны номерини жазып алайын,-Зарыл номерин айтып, коштошуп кетти.
Зарылдын номерин мен да озумо жазып алдым.
Корсо мени подстава кылышкан экен да жок жерден, Ошко жеткиче ойлонуп, план туздум.
Саат сегиз жарымдарга Ошко бардык, вокзалдан эле бир телефон, бир симка алып Зарылдын номерин жазып, даярдап койдум. Квартирама барып душка тушуп, тамактанып алдым да,  ноутбукту алып машинамы минип алып Баш-булак айылына жонодум. Саат он жарым болуп калды, шаардан чыга берээрде ГАИнин посту бар, айланасы бут пахта талаа, жолду бойлоп тыт тигилген. ГАИшниктер туруптур, атайын катуураак айдап отсом токтотушуп калды. Тушуп барып учурашсам, машинага барып жолук дейт, машинада экоо отурган экен. Айткан акчасын бербей кичине тартышсам, чону окшойт, протокол толтура баштады, фамилиясын жазды эле Алиев экен, жаттап алдым да, айткан акчасын берип, документтерими алдым. Шашкан адам болуп машинеми коздой бастым да кайра кайрылып келип Алиев дегенине:
-Аке телефонунуздан чалып алайынчы, меники заряд тугонуптур-деп жыйырма сом сунсам, телефонун берди. Жаны алган телефонумун номерине чалып, суйлошкон адам болуп, кайра бердим да рахмат айтып кетип калдым.
Бир километрдей жургондон кийин, жол кичине донду айланып кетет, посттогуларга корунбойт. Машинаны токтотуп саатты карасам он экиге жыйырма мунот калыптыр, машинаны талаага кирип кеткен жол бар экен, айдап кирип жугорулор тосо турган кылып, жолго корунбой турган кылып токтотуп койдум.
Машинадан эки телефонду алып машинаны култадым да, тыттарды аралап постту коздой жонодум. Постко жуз метрдей калганда тыттардын тубуно бекинип отурдум да, Бекболоттун машинасындагы номерге чалдым. Тынч эч кандай добуш жок, кутуп отурдум. Тундо деле жолдон машина коп каттайт экен, ГАИшниктер машинелерди токтотуп коё берип айтор ишин кылышып атты, али-бери кете турган ойлору жок.
Он муноттой откон Бекболот менен Зарыл машина менен жоношту, анда-санда эле суйлошпосо, музыка угуп эле келатышты. Постко жакындап калышты окшойт, Зарылдын уну,чыгып калды:
-ГАИлер болсо эмне кылабыз? Токтотсо дейм да.
-Токтотсо мен тушом да, акча алышат да коп болсо.
Келейин деп деле калышты окшойт постко, жаны алган телефонго ГАИшниктин номери тушуп калган да, ошол номерге чалып, унуму октом, ишеничтуу чыгарып:
-Алиев,  бул подполковник Аманбаев, жаз номерин, азыр жанынардан отот, кара ВМВ, седан, кармап правасын алып койгула, эртен отделден алып кетем,- деп коюп койдум. ГАИшниктер учоо тен жолго чыгып алышты, Бекболоттордун суйлошкондорун угуп аттым эле, Зарыл:
 -Ай эненди, турушат-деп калды.
-Турса эмне, буларга деле пул керек да, ар дайым эле чыгышат да, биз учун чыкты дейсинби.
-Ансыз деле отузда келатам, корко бербечи.
-Учоо экен.
Мага да корунуп турду, машина келатканы, алардан башка машина жок эле. Бир колума, берки телефонду кармап, Зарылдын номерин даярдап турдум. Машина жакындап калганда бир ГАИшник жезли менен токто дегендей белги кылды.
Бекболот менен Зарыл экоо тен согунуп алышты. Машинаны чекеге чыгарып токтотуп, Бекболот тушуп ГАИшниктерди коздой басты, эки ГАИшник машинага жакыныраак, отуз метрдей жерде турушкан. Бекболот машинадан тушуп он метрдей басканда, Зарылга телефон чалдым, ал дароо эле алды:
-Да,-корккону билинип турду.
 Мен шашкан адам болуп:
-Зарыл постко жете элексинерби?
-Постто турабыз, эмне болду?
- Качкыла ал жерден, шефти кармашыптыр, бизди андып журушкон экен,-деп телефонду очуруп Бекболоттун машинасын коздой тыттардын арты менен чуркадым. Мен куткондой эле, Зарыл машинадан тушуп:
-Бекболот кач!-деп кыйкырып, озу пахта талааны коздой чуркады, наракта жалгыз турган ГАИшник Зарылдын артынан кууп жоноду.
Бекболот ГАИшниктердин бироосу менен учурашып калган эле, Алиев окшойт,  бет талаштыра муштумдап берип калды эле Алиев отуруп калды, Бекболот жолдун аркы бетине качып жоноду. Экинчи ГАИшник эки-уч метр нарыраакта турат эле, Бекболоттун артынан чуркады.  Бетине жеп алган Алиев эле экен, пистолетин асманга атып "стоять" деп кыйкырган боюнча ал да кетти. Мен чуркап Бекболоттун машинасына бардым да, сидениенин тубундогу материалды тартсам оной эле тигиши согулуп кетти, пакет колума тушту, экинчи пакетти да алдым да, машинанын алдын жарык кылсам, телефон жатыптыр, тааныдым Бекболоттун телефону эле, бир жолу мактанган эле бир машинанын пулуна алдым деп, оюмдагыдай болду баары бир бироосу телефонун таштайт болуш керек дедим эле, телефонду алып  машинама чуркадым. Эки жакты тыншасам, тигилер дале куушуп журушот, али-бери келбей турган, мен кайра машинага келдим да багажнигинен запаска баллонду алып чыгып, бычак менен кесип, ичинен пакетке оролгон наркотиктерди алып чыгып,  бироон тешип кичине тогуп койдум да калганын баллондун устуно коюп койдум. Машинама чуркап барып айдап Баш-булакка жонодум, аралык он беш километрдей бар эле, тез эле жетип бардым, айылдын ортосуна токтодум да Бекболоттун телефонунан шеф дегенди таптым, Зарыл менен эле шефине чалган экен акыркы жолу, ноутбукту интернетке улап, шеф деген номерди терип поискке койсом, бир мунотко жетпей корсотту, алдыраакта эле жуз элуу метрдей аралыкта экен уй. Бекболоттун телефонун алдым да машинаны култап ошол жерге калтырып, жуз элуу метрди эсептеп барсам, чон эки кабат уй турат забору али буто элек экен. Аппак Мерседес 500 турат, чон дарбаза коюптур, бир айнектен жарык чыгып турат, ити жок окшойт, жарык чыккан айнекке барып ичин карасам, видеодогу комната экен, Жумалы байке диванда ургулоп олтурат, Элиза жерде жатат, уктап калганбы, кыймылдабайт, колу буттарын байлап коюшуптур. Акырын барып эшигин тартып корсом, ичинен бекитилген окшойт, ачылбады, уйду айланып бардык терезелерин тартып кордум, баары култанык, анан бир ой келди, жерден эки кирпич алып жарык чыккан комнатанын терезесинин тубуно барып жаныма даярдап койдум   да, Бекболоттун телефонунан Жумалы акеге "Тез кетин ал жерден, спец.наз баратат" деп смс жоноттум, терезеден карап турсам, телефонду дароо алып, окуду да жашына карабай мышыктай чапчан экен, таягын унутуп эшикке атып чыкты, мен кирпичти даярдап турам, эгер Элизага бир нерсе кыла турган болсо, терезени сындырып кирем деп. Эч нерсеге караган жок, чыгып дарбазаны ачты да, машинасын минип Алайды коздой катуу айдап кетип калды. Мен уйго чуркап кирип бардым да Элизаны которуп алып машинама чуркадым. Артына жаткызып, колун чечип атсам, мени карап эле ыйлап жиберди,  мен дагы унчукпа деп коюп, машинамы айдап Ошко жонодум. Элиза акыбалы жакшы эле окшойт, туруп оозундагы скотчту, бутундагы жипти чече баштады. Мен Элизага:
- Элиза, мен сага баарын тушундуруп берем, только азыр эч нерсе сураба, бардык коркунуч артта калды.-дедим. Бир нерсе айтайын деп барып кайра унчукпай калды. Постто эч ким корунбойт, Бекболоттун машинасы да корунбойт.  Эми тундоп Бишкекке жетип алышым керек эле, саат деле бир болоюн деп калыптыр. Элиза аябай коркуп калган окшойт, мени карап-карап коёт, бирок унчукпайт.
-Азыр Элиза шаардан чыгып алайлы, сага тушундуруп берем-десем башын жерге салып унчукпайт. Оштон чыкканча бир да ГАИшник тоскон жок, эми Жалал-абадда эле тоспосо, ошол бойдон Сосновкада эле тосот мындай жети тундо. Ош менен Жалал-абаддын ортосундагы перевалга келгенде:
-Жур Элиза, кичине бети-колуну жууп ал, сергип аласын деп суу бердим, ал жуунгуча мен эки пакеттеги акчаларды сидениенин тубуно таштап устун полик менен жаап койдум, кичине болсо да коздон далда. Телефондордогу симкалардын баарын алдым да, сындырып, ыргытып жибердим, контакттагы номерлердин бирин да калтырбадым, телефондордун памятын тазалап салдым, ушуну менен ушул жерден узулсун байланыш дедим. Аба салкын болуп, муздак жел журуп туруптур, ушуп кеттим, Элиза жуунуп бутту окшойт, кеттикпи десем:
-Каякка барабыз Эрмек аке, эмне болуп жатат озу-дейт.
Ушунчалык жакшы коруп кеттим, эми мындан ары сага жан адамдын колун тийгизбейм дедим ичимден.
-Мага капа болбочу Элиза, сени алып кетишет деп эч оюма келбептир, эми бутту баары, жур ушуп калба, машинага отур, сага баарын айтып берем-деп жаныма отургуздум да, айдап жонодум, баарын айтып бердим жашырбай, унчукпай угуп баратты.
-Мен учун кайтып келдизби, мени эмне кылышмак эле, сизди болсо олтуруп коюшса эмне болот эле, мен эмне кылат элем-дейт. Кайтып келмек турсун, жанымы бермекмин Элиза учун.
-Элиза, азыр сага дагы Кыргызстанда жургонго болбойт, бир аз убакыт экообуз Казакстанга барып жашап турушубуз керек, булар жаман адамдар. Экообузго Казакстандын паспортун алабыз да бир чонураак шаарына барып квартира алып жашап турабыз, кийинчерээк келебиз, макулсунбу?-десем,
-Эрмек аке менин сизден башка жакын адамым жок, сиз менен каякка десениз да барам, сиздин жанынызда эле журойунчу -дейт. Ушунчалык суйундум, адамдардын баарын жакшы коруп кеттим, баарын кечирдим, жашоо, айлана-тегерек, талаалар козумо ушунчалык бир сулуу корунуп кетти, ай толуп турган маалы экен, ай да козумо бир башкача сулуу корунду, соз менен айтып жеткире албайсын, Элизаны катуу кучактап ооп-ооп алгым келди. Бул дуйнодогу менин эн жакын адамым, менин кайгы-кубанычымы болушо турган, мени эч качан алдап кетпей турган адамым да.
Сыртыман кубанычымы билдире албадым, унчукпай эле жолду караган адам болуп кете бердим. Экообуз тен унчукпай кете бердик, Элиза суйлобосо экен, ушинтип тынчтыкты бузбай, жанаша олтуруп алып копко чейин  кете берсек, жол тугонбосо деп тиледим. Анча жургондон кийин Элиза суйлошкусу келип жаткан болсочу деп, музыка коюп берейинби десем, ал дагы мендей сезимде болуп баратканбы, жок дегенсип башын чайкап койду. Жакшы коргон адамын менен суйлошпой жанаша отуруп жон эле кеткен деле керемет экен.
Жалал-абаддын круговоюндагы кафелерге жеткенде жолдо эле жеп кетели, убакытты кетирбей деп, кафеден манты,  экообузго ондон шашлык, ондон самсы алып бир идишке муздабай тургандай кылып салдырып алдым. Эми Ош, Жалал-абаддын озбектери жасаган мындай ширин, даамдуу тамактарды жейминби, жебейминби бир кудай билет. Манты жеп атканда колум май болот жебейм десем, озу колу менен оозума салып жатты, карап койгонучу жеп бутту бекен деп. Салфетка менен оозуму аарчып койгонучу укмуш тимеле. Мендей бактылуу адам жок болуш керек ааламда.
Суусамырга жеткенде Саняга куру кол барбайын деп курут, сузмо, тоонун таза балынан, алып алдым, Элизага кымыз алып бердим, бир чыныны аран ичти. Чарчаган болсон артка отуп уктап ал десем, жок жанынызда эле шерик болуп кетейинчи дейт, Парижге жеткенде  бир аз дем алып алалы деп машинаны токтотуп коюп, машинадан тушуп сигарет чегип турсам Элиза да чыгып, бул жолдон биринчи жолу отуп жаткан экен,  ашуудун башынан тушуп келаткан машиналарды коруп тан калат, азыр биз да ошол жакка чыгабызбы деп, саат беш болоюн деп, асман агара баштаган эле, тоолорду коруп жаш баладай суйунот. Туннелдерден откондо тан калганычы, кантип тоону тешип жол салган, тобосу тушуп кетпейби деп.
 Сосновкада да, Кара-балтада да ГАИ тоскон жок, сегиздерге Саняныкына барып калдык, Саня озунун машинасын чыгарып, менин машинамы гаражына киргизип койду. Менин паспортторум даяр болуптур. Элизага да паспорт керек десек эки кундо даяр болот дейт, заказ кылып койдук. Саня экообуз менин машинамдагы пакеттеги акчаларды карасак, жети жуз мин доллар, беш жуз минден ашыгыраак сом экен. Менин, Санянын, Элизанын, Санянын аялынын атына карточка алдык да акчаларды салып койдук, эки пакет акчабыз торт-беш эле карточка болуп калды, паролдорун телефонго жазып, карточкаларды Элизага бердим, бекитип кой деп. Саняга акча берсем албайт, сен талаага кетип атасын сага кобуроок керек болот деп, уйундо китептер турган шкаф бар экен, китептердин арасына он мин доллар бекитип койдум да, Казакстанга отконубуздон кийин телефон чалып айтсам капа болот. Эки кундон кийин тундоп Казакстанга отуп кеттик. Бизди такси кутуп турган экен, Алматыга танга маал жеттик, вокзалынан такси жалдап Астанага бардык да, шаардын чекесинен квартира батирге алып жашап калдык. Ал бир комнатада мен башка комнатада жатабыз. Кундо шаар кыдырабыз. Келгенибизге уч жумадай болуп калган, бир чон базары бар экен биздин Дордойго окшогон, коруп келели деп барып кыдырып жургонбуз, кийим алып алалы деп кийим карап журсок, Ошто аэропортто охранада иштеген бир бала бар эле Сейит деген, уйлонгондон кийин иштен чыгып кеткен. Россияга кетиптир деп уктук эле, ошол турат кийим-кече сатып, жакшы дагы мени байкабады кардарларга алаксып. Элизаны ээрчитип базардан чыгып квартирабызга кеттик. Саня туура айткан экен, Казакстанда деле кенен журо албайсын деп, минтип коркуп-уркуп жашаш мумкун эмес эле, Элиза менен кенештим да, алыс кете турган болдук, куну-туну интернетте олтуруп ар кайсы мамлекеттерди карап кордум. Эн эле ылайыктуусу туштук-чыгыш азиядагы бир мамлекет экен. Туристтер жылдап жашай берет экен, акчан болсо болду. Жергиликтуу бийлик ашыкча суроо бере бербейт,  жайы-кышы ыссык, туристтер коп барган, тынч мамлекет экен. Эртеси эле туристтик агентствого барып беш айга жолдомо алдык да учуп кеттик. Самолётубуз Кытайдын бир шаарына конуп, башка самолётко отурдук да, Инд океанынын жээгиндеги бир шаарга барып кондук. Беш жылдыздуу мейманканага жайгаштырышты бизди. Туризм аябай онуккон шаар экен. Биз жашап атабыз деп журо берет экенбиз, эгер бейиш чынында эле бар болсо, ушундай эле болот болуш керек шарттары. Баалар Кыргызстанга салыштырмалуу эки-уч эсе арзан, бизге салыштырмалуу болбогон эле акчага уй сатып алсан да болот экен. Туристтер негизинен америкалыктар менен немистер, кобунчо пенсияга чыккандар экен, ошолор жылдап жашашат экен. Себеби алардын пенсиясы уч мин-торт мин доллар болсо, биякта бир айлык мейманканада жашашы, тамак-ашы майда-чуйдосу менен ашып кетсе жети жуз долларга барат экен. Журушот жыргап жашап коюп, кундо дискотека, шведский кухня деп коёт экен, кирип каалаган тамагыны алып жейсин, баары бекер,  бир айлык тологон акчанын ичинде. Ээ айта берсен озунчо эле бир жомок. Биз жашаган мейманканада иштеген мени менен тен кур бир бала менен таанышып алдым, аты Акбар экен, орусчаны жакшы билет экен.
 Кун аябай эле ыссык экен, Элиза тез эле конуп кетти, мен тундо копко чейин уктай албай жатам, тунку саат экилерде туруп душка тушом,ошентип журуп аран  кондум. Ак саргыл Элизам кунго куйуп ону кызылбы айталбайм бир башкача болуп калды, ого бетер сулуу болуп кетти, мага карап алып  кулуп калат кээде онунуз озгоруп кетти деп. Азыр бизди тааныштарыбыз корсо тааныбай да калышы мумкун эле. Элизага жакты окшойт бул жактын аба-ырайы бир башкача сулуу болуп кетти, кичине толуп да калды окшойт. Келгенибизге бир ай болгондо, Элизаны ошол шаардагы эн кымбат деген ресторанга алып бардым да, колун сурадым. Кызарып-татарып  атып башын жерге салып макулдугун берди. Анда да аябай секин айткандыктан биринчи укпай да калдым. Эртеси мечит бар экен барып молдого нике кыйдырып келдик да чогуу жашап калдык бир уй було болуп. 
Майда-чуйдо аралдар толтура экен, кобу бир фирмага караштуу экен, мамлекеттен сатып алып, уйлорду, катерлер токтой турган, жайларды куруп, кундон ток ала турган аппараттарды орнотуп, кыскасы жашоого бут шартын тузуп сатат экен. Аралдар деле аянтына карап, материкке алыс-жакынына карап бааланат экен, жакын болсо кымбатыраак, алыс болсо арзаныраак, бирок алсан болот кичирээгин,  ушунчалык эле асмандын баасы турбайт экен. Атайын катерлер турат экен, бизде таксилер тургандай, акчасын толосон каалаган жагына алып барып келет. Кааласан арендага алсан болот, бирок катерди оз алдынча айдаш учун уч кун окуш керек экен, орусча билген окутуучулар бар экен, окуп бизче айтканда права алдым. Элиза экообуз аралдарды кыдырабыз, бош сатыла турган аралдардын эн бийик жерине коруно турган кылып желек илип коёт экен, барып кыдырып корсон болот. Телевизордон коргон аралдарды минтип оз козубуз менен коруп, кыдырып журдук.
Мен ушул мамлекетте калам деп чечтим. Бирок омур бою эле журо албайсын да документсиз. Кантип калыштын жолун издей баштадым.
Скутерлер аябай акча табат экен, байлар скутерлерди жыйырма-отуздан алып келип арендага берип коюшат экен. Бирок кобунчо Кытайдан чыккан скутерлер экен, тез эле бузулуп калат, ар эки жылда жаны алып турушат экен. Бузулгандарын кытайлар болбогон акчага сатып алып кайра Кытайга алып кетишет экен.  Япония, Кореянын скутерлери бар экен, бирок ото эле кымбат. Мен бир куну Акбар менен суйлоштум, скутер курап сатайлы, иштин баарын мен кылам, сен документ жагын карайсын. Пайданы тен болушобуз десем, жан деп макул болду, бир жер уйду арендага алдым да, алдында сарайы бар экен ошол сарайга устакана ачтым.  Себеби кээ бир жергиликтуу жашоочулар озулорунун менчик Кытайдан чыккан скутерлерине Япониянын, Кореянын скутерлеринин запчасттарын коюп алып минип журушот экен он жылдап. Бир чон шаарына барып керектуу инструменттерди алып келдим. Кытайдын скутеринин тез бузулган жерлерин алып салып  Кореянын, Япониянын скутерлерин саткан адамдарга  барып заказ кылып алдырып, кытайдын скутерине орноттум, кичине эле жерлери туура келбесе, кытайлар деле япон, корейлердикиндей эле кылып чыгарышат экен, запчасттары бири-бирине тушо берет, анчалык деле кымбатка тушкон жок. Эгер коп заказ кылсан, анча эле арзан тушо тургандай, рамаларын, корпустарын ушул эле жерде жасаса Кытайдан алып келгенден коро арзан да тушо тургандай. Учооду жасап, краскаларын башка туско боёп даярдадым. Сынап королу деп бир ай тындырбай миндик, Акбар туристтерге бекерге эле берип койду, бензинин куюп алып мине бергиле деп, алар куну-туну миништи. Скутерибиз жакшы эле чыгыптыр, корейлердикинен кем калбады сапаты.
Акбар менин тилмечим болуп журот каякка барсам.
Ошол жерде бир депутат жашайт экен, чон бир арал ошого караштуу экен, Акбар ошого барып корсотпойлубу дейт.  Депутат эс алганы ар жумада келип турат экен, кичине самолёту бар экен, учуп отсо эле келгенин билишет экен. Бир куну экообуз эки скутерди минип алып бардык аралына. Мен ойлодум эле жан сакчылары менен журсо керек, аралына бизди киргизбей койсочу деп, барсак катерлер токтой турган жеринде бир эле киши турат, скутерлерибизди байлап коюп, женил машина турат экен акчасын толоп, арендага алат экенсин да, минип алып уйуно бардык, бизге машина берген киши айтып койгонбу, озу чыгып тосуп алды. Бою кичинекей, арык, коз айнек таккан киши экен, шорты кийип, башына чон кундон тоскон шляпа кийип алыптыр. Кочодон корсон карапайым эле адам деп ойлойсун. Бизди уйунун алдында биздикиндей сорусу (топчан) бар экен ошого чакырды, столдун усту ар нерсеге толтура экен, жегиле дейт, аларда биринчи мейманды тамактандырып болуп анан гана суйлошот экен. Акбар мени казакстандык деп тааныштырып, скутер чыгарабыз деп атабыз, сапаты кытайлардыкынан жакшы, он жыл иштей берет деп, кыскасы аябай эле мактады, азыр минип келдик десе, королу деп дароо эле жээкке жонодук. Акбар скутерлерди корсотуп,  тушундурду кантип жасаганыбызды, ушул жерде жасаса Кытайдыкынан арзан да, сапаттуу да болорун укканда депутатыбыз  дароо эле жардам берээрин айтты. Керек болсо чон эле ишкана ачабыз деди. Мага, аялыма беш айда ушул мамлекеттин атуулдугун алып бермек болду. Озу элуу скутерге заказ кылды, жарым акчасын берип, Кытайдан, Кореядан керектуу запчасттарды алып келгенге бир адамды бизге байлап берди. Акбар экообуз эч жакка чуркабай устаканада эле иштей турган шарт тузуп берди. Акбар да аракетчил, иштерман бала экен, темир ишин жакшы билген беш адам таап келди. Элуу скутерди бир айга жеткирбей даярдап чыгарып бердик. Рамасын, корпустарын, отургучтарын,  айтор отуз пайызын озубуз жасадык, башкалардыкына караганда, отургучтары ынгайлуу, артында суйонгучтору менен, корунушу сулуу да болуп чыкты. Депутат келээр кунго баарын тизип койдук. Айткандай эле эсептеп корсок Кытайдан алып келгенден коро кыйла эле арзан тушту. Депутат озу эле келбей, транспорт министринин жардамчысын, дагы эки депутатты ала келиптир. скутерлерибиз жапжаны болуп катар тизилип турса сонун корунду окшойт, суйунушту, Акбар экообузду, биз менен иштеген беш адамды баарыбызды,  колубузду кысышып, куттуктап чыгышты. Суйуно турган эле иш болду да аларга, биринчиден арзан, сапаттуу скутер, экинчиден эгер коп кылып чыгарса канча адамга жумуш орун, мамлекетке налог, бир жагынан озубуздун ондуруш. Тез арада чон эле скутер курап чыга турган ишкана ачыла турган болду.
Акбар экообуз элуу скутерден жакшы эле акча иштеп таптык, тушкон пайданы тен болуп алдык. Бизге мамлекетке пайда алып келгенинер учун деп, мамлекетке караштуу бир чакан аралды арзанга, кырк тогуз жылга беришти, кийин кааласак арендасын дагы узартып ала турган укугу менен. Акбар экообуз  аралды тен ортосунан болуп алдык. Беш айдан кийин Элиза экообуз ошол мамлекеттин толук кандуу жараны болуп калдык. Акбар азыр мамлекетке караштуу скутер чыгарган ишкананын, бизче айтканда директору, колунда жети жуздой адам иштейт, мен ошол ишкананын рама жасаган кичинекей цехинин башчысымын, менин цехимде отуз адам иштейт.
 Акбар жакында озуно арал сатып алса, экообуздун ортобуздагы аралды мага откозуп берем деп жатат.
Аралга чон эки кабат там салып, свет, дегендей бардык шартты тузуп алгам,  Элиза экообуз бир кыздуу болдук, жергиликтуу тилди жакшы эле уйронуп калдык. Элиза азыр толуп кеткен анча эле, мени которгон скутер, ал отурганда анча эле сууга чого тушот. Базарга материкке барабыз да, базарлык кылганы барганда катер менен барат, скутер которо албайт дейби, билбейм.
Кээде Элиза экообуз жатып алып Кыргызстанды эстейбиз, Оштун салкын кечтерин, Элиза иштеген кафедеги мажурум талдардын тубундо сорудо тамактанган кундорду сагынабыз. Баары бир кандай болсо да туулган жерини сагынат экенсин. Бир куну барабыз баары бир, жашыруун болсо да барып, Оштун озбектери жасаган лагмандарын, самсасын, шашликтерин, мантыларын тойгончо жеп келебиз.
Байкап калам кээде Элиза Кыргызстанды сагынып ыйлап алат. Мен байкамаксан болуп коём, эмне дей алат элем.
Кыргызстандагы жанылыктарды, кинолорун, ырларын интернеттен коруп, угуп турабыз.
Майли анда досум, сени таап, ичимдегилерди айтып сен менен болушуп алып аябай эле женилдедим. Жазып жатып Кыргызстанда жургондой болдум. Туулуп оскон суйуктуу АТА МЕКЕНИМ  КЫРГЫЗСТАНГА менин атыман, аялым Элизанын атынан,  кызым Каныкейдин атынан салам.
САГЫНДЫК СЕНИ КЫРГЫЗСТАН, АЛА-ТООНУ САГЫНДЫК.


Автор Субан
e-mail:suban78@mail.ru