Кор тирилик

Бубуйра Бектенова
Кор тирилик колду байлап улам анан,
Ырларыма убакыт жок кандай жаман.
Жумуш бутуп кагаз карап отурганда,
Жайдары жаным жыргап тынчып калам.

Ойлорум кен талаада учкан кезде,
Океан, дениз билбей сызган кезде.
Жан дуйномо аалам деле батып кетет,
Рух сезимди ырларыма бурган кезде.

Кор тирилик убактым коп албасанчы,
Ырыма кыянаттык кылбасанчы.
Ансыз деле сени менен омур отту,
Туткундабай менден оолак жашасанчы.